Jan.18

Бразилияда эгиздер энеси көзү өтүп кеткенден кийин 4 айдан соң жарык дүйнөгө келишти

Бразилияда эгиздер энеси көзү өтүп кеткенден кийин 4 айдан соң жарык дүйнөгө келишти
Дүйнөлүк медицинада сенсациялуу окуя орун алды. Дарыгерлер 123 күндөн бери балдардын өмүрүн сактап калуу үчүн күрөшкөн. Мындай көрүнүш медицинанын өнүккөн тажрыйбасынын негизинде болгонун чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка караганда, 21 жаштагы Франкилен да Сильванын кош бойлуу болгонуна тогузунчу ай болгон. Ай күнү келип оор абалда ооруканага жеткирилген. Көп өтпөй мээсине кан куюлуп, каза болуп калды. Андан кийин курсагында жаткан балдарынын дагы жүрөгү токтоп калуу керек болчу. Мындайды күтпөгөн дарыгерлер балдардын аман экенин байкашкан.
Аялдын мээсинен башка денесинин органдары иштеп жаткан. Анын эки эгиз кыздары болгон.
Дарыгерлер бул боюнча Португалиядагы кесиптештерине кайрылышып, кеңеш сураган. Себеби ушундай окуяга аталган дарыгерлер дагы туш болгон. Алар эне кайтыш болгондон 107 күндүн ичинде баланы эненин курсагында өстүрүп, жарык дүйнөгө алып келишкен.
Булак: 5TV Сүрөттөр: mirror.co.uk сайтынан алынды.
Жаңылыктар
Share this Story:
  • facebook
  • twitter
  • gplus

About adilet_sydykov

Leave a comment

Comment