About admin

Apr.09

Анекдот: Ф.И.О

Бир айылдык карыган апа кагаз тапшырайын деп шаардагы мекемелердин бирине баш багат. Бетине 45 кг боек жамынып, ойсоңдоп отурган мекеменин кабылдамасынын катчы кызына келип мээримин төгүп маалымат сурайт. Айылдык карапайым кемпирди жийиркене караган катчы кыз оройлонуп, салам да берип койбостон:
ФИО,- дептир. Апа түшүнбөй:
-Ал эмне, кызым?,- деп сурайт. Тиги кыз ачууланып:
-Ошону да билбейсизби? Тоже мне деревня!!! Фамилия, имя, отчество,-дейт. Аты-жөнүңөрдү айтыңыз,-дептир сурданып. Анда апакебиз:
КӨТ,- дептир. ))
Чоочуп кеткен кыз:
– Эмне дейсиз?- десе, апа каамарабай:
– Ошону да билбейсиңби? Тоже мне деревня!!! Кудайбергенова Өктөм Турсунбековна!,- деген экен… )))

МОРАЛ: Айылдын береке жыттанган апаларынан айланып кеткилечи гаралар! Силер да кемпир болорсуңар…[А.С

Тамашалар

Apr.08

Браконьеры хотели сняться с добычей, а получили видео-селфи со своей смертью

Парочка решила сделать эффектную видеосъемку с телом убитого ими льва. Они увлеклись настройкой своей видеокамеры и потеряли бдительность… В это время внезапно появился еще один агрессивный хищник, который и застал охотников врасплох.

Өлүм жөнүндө,Сырдуу дүйнө

Өстүрүп, чоңойткон беш балам карабай, карыганда гаражда жашап келем…

Күнөө кимде?
“Маңдайга жазган тагдырдан качып кайда бармак элем. Тирүүлүктүн күнүн көрүп жатам”, – деп оор үшкүргөн 86 жаштагы Ражап Абдыкааров Ош шаарында Алай көчөсүндөгү гаражда күн кечирүүдө. Бир кездерде жооптуу кызматтарды аркалап, беш баланы эрезеге жеткирип, үйлөнтүп-жайлантып, бутуна тургузган аксакал бүгүнкү күндө жападан жалгыз, болгондо да гаражда жашап жатат. Атанын тагдыры кимди болбосун, ойго салбай койбойт. “Жетим өсүп жетилип, жетекчи болгонго жетиштим” “Балалыгым коңшулаш Тажикстандын Мургаб районундагы Ыраң-Көл айылында өттү. Ал кезде жашыңды так аныктабай баарына бирдей документ даярдап беришчү. Мен өз жашымдан беш жашка кичүү болуп документимде “1935-жылы туулган” деп жазылып калгам.
Үч бир туугандын ортончусу элем. Агам жана иним бар болчу. Ата-энем мен кенедей кезде эле каза болуп калышып, чоң атам менен чоң энемдин колунда калган экем. Эки жашка толгондо чоң энем, төрт жашымда чоң атам жарык дүйнө менен кош айтышып өгөй чоң эненин колунда калгам. Жети-сегиз жашка чыкканча өгөй энем тарбиялаган. Андан соң ал мени Мургабдагы балдар үйүнө өткөрүп берип, 15 жашка чыкканча ошол жакта жашадым. 1945-жылы орто мектептин 8-классын бүтүрүп Тажикстандын Душанбе шаарындагы Автожол техникумуна тапшырып, артыкчылык диплому менен аяктадым. Студент кезимде кечки курстардан авиамотористтин окуусун да окуп жүрдүм. Ошентип, окууну аяктаган соң, ата-бабам жердеген Ош шаарында иштеп калдым. Чоң-Алай, Кара-Суу райондорунда жол куруу тармагында жөнөкөй жумушчудан баштап, инженер-жол куруучу, жетекчилик кызматтарда иштедим. Мындан сырткары 1967-жылдары Ош Эл аралык аэропортунда радиотелеграфист, авиамоторист, ал эми 1970-жылы Чоң-Алай районунда аэропорт ачылып, ал жакта да авиамоторист болуп эмгектендим. Андан соң өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн жол бөлүмүндө, “Кыргызстан” банкында насыя берүү боюнча инспектор кызматын аркаладым.
“Аял менен бактылуу жашоо, балалуу болуу мага буюрбаптыр…” “27 жашымда Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы бир кызды жактырып, сүйлөшүп жүрүп үйлөндүм. Ал ошол кезде 17 жашта эле. Баш кошконубуздан көп өтпөй, аялым кош бойлуу болду.
Бирок апасы кызына эне болууга өтө жаш экендигин айтып, тамдан секиртип боюнан түшүртүп салыптыр. Арадан 4 жыл өткөн соң аялымдын кайрадан боюна бүттү. Ошол маалда пикир келишпестик болуп, экөөбүз эки жолго түштүк. Биз ажырашып кеткен соң, эркек бала төрөдү. Бирок балабыз көп узабай чарчап калды.
Экинчи ирет турмуш куруу максатында жылдызыбыз келишкен бир кыз менен сүйлөшүп жүрдүм. Бирок ата-энеси кызын мага ыраа көрбөй, биздин чечимге каршы чыгып, башка бир жигитке турмушка берүүгө аракет кылышты. Бирок ал кыздын менден башка жигитке турмушка чыгууга көңүлү жок болчу. Бири-бирибизди жакшы көргөндүктөн, туугандарынын каршы экенине карабай жашап алдык. Аялым кош бойлуу болуп, ай-күнүнө жеткенче бир туугандары каршылык кылуудан тажашкан жок. Ата-энеси кызын төрөтүшүп, баланы таенеси багып алды. Эркек бала болчу, мага такыр көрсөтпөй коюшту. Бул ирет да наристе чарчап калды. Аялымды менден ажыратып, өздөрү каалаган жигитке мажбурлап турмушка узатышты.
“Үчүнчү ирет беш балалуу жесир аялга үйлөндүм” “Бакыттан үмүт үзбөй үчүнчү ирет беш балалуу Майин аттуужесир аялга үйлөндүм. Ал менден 7 жашка кичүү эле. Эки уул, үч кызы бар эле. Майин экөөбүз балдардын баарын чоңойтуп, үйлөнтүп-жайланттык. 2005-жылы бажы кызматында иштеген уулубуз жумушта кырсыкка кабылып каза болуп калды. Жубайым уулубуздун күйүтүн көтөрө албай кайгыдан улам 2009-жылы 49 жашында көз жумду.
Энесинин көзү өткөн соң, өзүм өстүргөн уул-кыздардын бири да мени менен катышпай калды. Өгөй бала өз бала болуп бербейт тура. Боор беришкен жок. Алар азыр Чоң-Алайда, Бишкекте, Кызыл-Кыяда жашап жатышат. Ар кимиси өзүнүн тиричилиги менен алек. Өзүңдүн каныңдан жаралган бала гана сага күйбөсө, башка бирөөнүн баласы күйбөйт экен. Агам 2005-жылы, иним 2003-жылы каза болушкан. Ошентип,туугандарым да, аялым да, балдарым да жок Дароот-Коргондо жалгыз жашап калдым”
“Жарды жашоодо жашасам да жан дүйнө байлыгымды сактагым келет” “5 жылдан бери ушул гаражда баш калкалап келем. Муну 2012-жылы 36 миң сомго сатып алгам. Өткөн жылы ажылык сапарга барып келдим. 2015-жылы 12-октябрь күнү Ош шаарындагы борбордук мечитти көздөй жолдон өтүп баратсам 122-маршруттук каттамдын унаасы коюп кетти. Жамбаш сөөгүм ажырап кетиптир. Айдоочу качып кетпей, ооруканага алып барды. Дарыгерлер операция жолу менен сөөгүмдү салышты.
Коюп кеткен бала мен ооруканадан чыккандан кийин да үйүнө алып барып эки айкарады. Андан соң: “Гараж да болсо, өз үйүмө жеткирип кой”, – деп сурандым. Ал баланын үй-бүлөсүнө ашыкча түйшүк болгум келген жок. Ошентип, кайра гараж үйүмө келип жашап калдым. Ошондон бери өз алдымча баса албай, таяк таянып калдым. Маанайыма жараша ыр жазам. Жарды жашоодо жашасам да, жан дүйнө байлыгымды сактагым келет. Эки жыл мурун «Ыраң-Көл» деген аталыштагы ырлар жыйнагым жарыкка чыкты. Ыраң-Көл – мен туулуп-өскөн жердин аталышы. Ал эми бул жыйнак менин алгачкы ырлар топтомум болуп саналат. Бул жыйнактан менин эне, сүйүү, махабат, Ош, Ак-Буура, селсаяктарга арнаган ырларым орун алган. Жөн жатпай, жетекчилерге айрым сунуштарымды айтып келем. Ош жергеси – касиеттүү жер.
Сулайман-Тоонун айланасына “Ош” деген жазууну чагылдырган көп кабаттуу имарат курууну сунуштадым. Ушундай имарат курулса, спутник аркылуу Сулайман-Тоону караганда Ош шаары экендиги так көрүнөт. Ошондой эле Чоң-Алай районунун Ачык-Таш айылында нефтинин чоң запасы бар. Иш эми эле башталып, бирок токтоп калган. Нефтинин батыш тарабы Өзбекстанга, чыгыш тарабы Кытайга, түштүк жагы Афганистанга барып такалат. Ушул кенди кайра иштетсек, күйүүчү майга болгон муктаждык азаймак. Мындай сунуш менен мурунку өлкө башчылары Курманбек Бакиевге, Аскар Акаевге кат жолдогом. “Кыргызнефть” ишканасынан “учурда каражат жетишпейт” деген жооп келген” “Карылар үйүнө баргым жок, балдар үйү көңүлүмө көк таштай тийген” “Мени таанып-билгендер “ушинтип кыйналбай, карылар үйүнө эле барбайсыңбы?”,-деп көп айтышат. Жаштайыман жетим калып, балдар үйүндө тарбиялангандыктан, ошол кез дагы деле эсимен кетпейт. Балдар үйүндө эч жакка чыкпай катуу тартипте чоңойгондуктан, көңүлүмө көк таштай тийген. Ошондуктан карылар үйүнө түк баргым келбейт. Андан көрө тирүүлүктүн күнүн өзүм каалагандай басып-туруп ушул гаражда өткөргөнүм жакшы. Тамагымды өзүм жасап жейм. Кээде жакын жердеги ашканага барып тамактанам. Кудайга шүгүр, көзүмдүн көрүүсү жакшы, Куран китеп окуйм. Зериксем сыртка чыгып ары-бери басам. Телевизор деле көп көрбөйм. Ошентип өзүмдү алаксытам. Гаражда кышкысын аябай суук болот. Электр печкасын колдоном. Аяз күндөрү такыр эле суук болуп баратса, меш куруп койгом, мешке көмүр жагып кыштан чыгам. Ушинтип тирүүлүктүн күнүн көрүп жатам, Кудайдын буйруганынан качып кайда бармак элем?..”
Авторлор:
Наргиза Канжарбекова,
Гулиза Маликова,
Дастан Осмонов.
Жаңылыктар

Түркиялык ишкер баткендик кыз үчүн 100 млн долларлык кеме курдурду (фото)

Түркиялык ишкер Өмер Бей баткендик 22 жаштагы С.Айгүлдүн колун сурап, Баткенге чейин келди. Аймактык кабарчы түрк ишкерин ашык кылган кыз менен таанышты. Айгүлдүн айтымында, Өмер Бей менен Түркияда иштеп жүргөндө таанышкан. Ал жактан колун сураганда макулдугун берген эмес. Ал оюнан кайтпай Баткенге чейин издеп келип, ага «БМВ» үлгүсүндөгү унаа белек кылып, колун сурады. Бирок, Айгүл кыргызстандык жигитке гана турмушка чыгарын айтып, ага макулдук берген жок. Ата-энеси кой союп, түрк ишкерин 2 күн конок кылып узатты.

Түрк ишкери Түркияда ага арнап 100 млн доллар турган «Айгүл» аттуу кеме жасатып, белек кылган.

1-апрель – күлкү күнүңүздөр менен!
Тамашалар,Жаңылыктар