Aug.18

Туулган күнгө куттуктоолор!

Сиздерге чоң рахмат! Бардыгыңыздарга чың ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайм. Мага каалаган жакшылыктарды сиздерге да каалайм. 

[author title=”Айгерим Тагаева” image=”https://i.mycdn.me/image?id=858880074997&plc=WEB&tkn=*m2rMfisTEny_XgwThorcMHQ9gpU&fn=sqr_128″]Ассолому алейкум кандайсыз? Туулган кунунуз менен.. Аллах таалам эки дуйнонун бактылуугун берсин.. тилеген тилек ой максаттарыныз орундалсын… ата энениз сизге раазы болуп сыймыктанчу мээримдуу, бактылуу уул болун..[/author] [author title=”Махабат Абдыкаарова” image=”https://i.mycdn.me/image?id=856407860799&plc=WEB&tkn=*IYANFUp0RkDt5Qnm7OZagzQzYXk&fn=sqr_128″]Адилет Сыдыков, туулган күнүңүз кут болсун! Жараткан иштериңизге ийгилик берсин. Ыйманыңызга, өмүрүңүзгө береке берсин!?

[/author][author title=”Жылдыз Сагыновна” image=”https://i.mycdn.me/image?id=854285838515&plc=WEB&tkn=*ODld6s9jzpCMIJUtllrxnLaqPBo&fn=sqr_50″]Туулган кунун куттуу болсун. Омурдун узагын ден солуктун тазасын тилеймин алладан. Оркунун оссун. Бактылуу бол.[/author] [author title=”Абвгд Аккан суу” image=”https://i.mycdn.me/image?id=853465874964&plc=WEB&tkn=*CZIFjsZFlxlLaiXmY2aCW9nQBA8&fn=sqr_50″]Адилет Салам Аллейкум ! Кандайсын, Алла таалам сени ушул куну жарык дуйного келтирип, ата энендин колуна салып берген экен. Оздук майрамын кут болсун.Ден соолук, эки дуйно бактылуулук, иштерине ийгилик каалайм.Ар дайым бар бол. Азамат уул бала боло бер.Ата энене да омурлор берсин.[/author] [author title=”Руслан Rus9″ image=”https://i.mycdn.me/image?id=854811481585&plc=WEB&tkn=*ioy4MfHBOxCIVssRf2NZ47TKd3M&fn=sqr_50″]С днюхой братан от души![/author] [author title=”Зауре Бердыбекова: ” image=”https://i.mycdn.me/image?id=849678487627&plc=WEB&tkn=*RuHleSqU6U5k0BKqEDsZsQO2A_4&fn=sqr_50″]Тууган кунунуз куттуу болсун! [/author] [author title=” Yusif Baba” image=”https://i.mycdn.me/image?id=850958537939&ts=00000000000000021c&plc=WEB&tkn=*HevbacYcUF5bQL2yzvFdhy4RCHc&fn=sqr_50″]туулган күнүң менен[/author] [author title=”Балашка ???” image=”https://i.mycdn.me/image?id=858166547798&plc=WEB&tkn=*lTbBfUn7upTibUlZfaS8RWDsBNo&fn=sqr_50″][17.08.2017 15:55] Балашка ???: Ассаляму алейкум? Жаркырап жердин бети гулго толсун   ???? Ылайым омурунуз узуун болсун ???? Жылына кубандырып бир келуучу ???? Бугунку туулган кунунуз куттуу болсун ???? Бир жылда бир озгочо кубандырып бир келген бугунку оздук туулган кун куттуу болсун. Жашоонуз орго чыга берсин,  омур жолунузда жакшылыктар кооп болуп,сизди бийик чокуга жеткирип  жолок болчу адамдар жанынызга жолдош болсун.Чын ден-соолук жаркын маанай,узуун омур,суудай тунук суйуу,тугонбос бакыт сырын каалайм. Жашоонузда туйшугунуз аз куунак кундор кооп болсун.Тилеген тилегиниз орундалып ойлогон максаттарга жете берин!??? [/author] [author title=”Gulmira Dooronova” image=”https://i.mycdn.me/image?id=848667121602&plc=WEB&tkn=*H6cZ6mLXBgdFD5IIZsveiW_TOqc&fn=sqr_50″]Туулган күнүң менен куттуктайбыз!!![/author] [author title=”Самара Абжапарова” image=”https://i.mycdn.me/image?id=856980401075&plc=WEB&tkn=*KP9aWO2iJXuL3ldKsB_rRDozf-A&fn=sqr_50″]Адилет Туулган кунун менен Омурун узун болсун Ден соолугун чын болсун. Кыргыздын чыгаан жигиттеринен болуп журо бер.Жигит.[/author] [author title=”Туйбаева ?:” image=”https://i.mycdn.me/image?id=860272362698&plc=WEB&tkn=*z_CBPjqYUCQLYqyx9NB-6-I0zL8&fn=sqr_50″]Туйбаева ?: Кутман кеч! Туулган күнүңүз менен! Өмүрүңүз узун болсун!!! Тилеген ой-максатыңызга жетиң!???[/author] [author title=”Айгерим Досматова” image=”http://https://i.mycdn.me/image?id=666575910616&plc=WEB&tkn=*L4anMkCDdaGcP08Cl3aiOPULIv8&fn=sqr_128″]Адилет   туулган  күнүң  менен!!!  Жашоодо  сенин  ар  күнүңдү  жакшылык  жылоолосун!!!  Ааламда   атагың  таш  жарган  алдыңкы  атактуу уулдардан  бол!!![/author] [author title=”Баяна К” image=”http://https://i.mycdn.me/image?id=666825898577&plc=WEB&tkn=*xO08mDnd1xqra_31blnhMQSuMC4&fn=sqr_128″]Туулган күнүңүз менен! Окууларыңызга, келечек иштериңизге ийгилик каалайм. Жашооңуз жакшылык менен улансын. Бардык ой-максаттарыңыз ишке ашсын. Сиздин кадырыңызга жеткен, сүйгөн, түшүнгөн, сыйлаган жана бактылуу кылган жакшы жеңеге жолугууңузду каалайм :-)[/author]
Жаңылыктар

Aug.15

20 центке динин сатмакчы болгон имам…

Мен Англиядагы чакан шаарлардын биринде мусулмандардын мечитинде имаммын, — деп баштайт ал сөзүн. Мечит автобустун акыркы аялдамасынын жанында жайгашкан болчу. Көбүнчө мечитке автобус менен келчүмүн. Бир күнү автобустун жол киресин берсем, айдоочу мага 20 цент ашыкча кайтарып берип койду. Аны дароо эле кайтарып бермекчи болдум. Бирок, ошол учурда шайтан азгырык салып “20 цент эмне болмок эле, бербей эле кой” деди. Бергим келбей калды. Анан кайра “ушул акча менен байып кетмек белем, берип эле коёюн” деп ойлодум. Эми бермекчи болгонумда шайтан жанагыдан да катуураак азгырык таштады “Сен ушунча убактан бери элге кызмат кылып келесиң, айлыгың да аз, бул 20 цент менен Англия байып кетмек беле, алып кала бер” деген ой келди. Эми биротоло бербей түшүп кетүүнү чечтим. Аңгыча автобус акыркы аялдамага келип, элдин баары түшө баштады. Түшүүгө кезегим жеткенче жүрөгүмдү дагы бир жолу тыңшадым. Бул жолу ал “кантип бирөөнүн акысын алып кетип жатасың, акыретте кантип жооп бересиң?” деп согуп жатыптыр. Эң акыры болуп түшүп бара жатып айдоочуга 20 центти карматтым. Тиги мага жылмая карап:
— Сен мобу мечиттин имамысың да? – деп сурады.
— Ооба, — дедим.
— Мен ар бир жумада сенин айткандарыңды угуп жүрөм, мусулманчылыктын аруулугун, чынчылдыгын, тазалыгын угуп, ушул динге кирсем деп ниет кылып, кийинки жума сага жолугууну пландаган элем, бүгүн автобуска өзүң чыгып калдың, сага жолугуп динди кабыл алуудан мурда, сенин айткандарың чынбы, жалганбы бир сынап көрөйүн деп 20 цент ашыкча бердим эле. Көрсө, сенин айткандарың курулай мактаныч эмес, акыйкат экен, мен эми кийинки жуманы күтпөй эле ушул жерден мусулман болоюн, — деп, мусулман болуунун жолун сурады. Мен ага келме айттырып, мусулман кылып автобустан түштүм. Ошол жерде бир канча убакыт өзүмдү билбей туруп калыпмын. Аллах Тааланын мээримине, туура жолго баштоочулугуна тен берип, эсимди жыя албай туруп калдым. Аз жерден шайтанга азгырылып, бүтүндөй динимди 20 центке сатып жибере жаздаганыма эсимди жыя албай туруп калдым. Эгер Аллах Таала акыретти эсиме салбаганда, 20 центке динимди сатып жибермек экем…
Урматтуу мусулман бир тууганым, кимдир бирөөнү динге киргизүү үчүн, эртели-кеч анын кулагына куюунун кажети жок, болгону динди өзүңдүн жашооңдо көрсөтө бил, мына ошондо сенин айтканың жугумдуу, мээнетиң жемиштүү болот.

Өрнөктүү өмүрлөр

Aug.09

Эч качан бирөөнүн “ырыскысына” кызыкпа.

Барга кирген бир эркек алдындагы ичимдигин жарым сааттай ичпей жөн гана үнсүз-сөзсүз тиктеп турган. Бир кезде муну байкап калгандардын арасынан алп денелүү, жүк ташуучу унаа айдаган бир айдоочу ордунан туруп басып келди да, тигинин алдындагы ичимдикти шарт көтөрүп ичип жиберди.

Анын шериктери каткырып эмне болоор экен дегенсип тамаша кылып карап туруп калышты. Ичимдигин алдырган кайгылуу эркек көз жашын агызып өкүрүп ыйлап жибергенде, айдоочу ага карап “Эй, эй досум болду жетишет. Мен жөн гана тамалашаладым, азыр жаңысын сатып берем, эмне ыйлайсың жаш баладай?” деп жубата баштайт.

Тиги кайгырып ый аралаш жооп берет.
– Бүгүн менин ишим такыр жүрүшпөдү. Эрте менен уктап калып, маанилүү жолугушууга кечигип бардым, директор жаалы чыгып иштен айдады. Ыза болуп сыртка чыксам, унаамды бирөө уурдап кетиптир. Полицига кабар берсем, табылышы кыйын, арекет кылабыз дейт. Дагы жокко багы жок болуп, анан такси кармадым, жол акысын төлөп  үйгө кирээримде акча менен документтерим салынган капчыгым таксиде кеткенин билдим. Өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп, үйгө киришим менен аялымды коңшум менен үстүнөн кармап алдым. Жашоодон тажап, ушул барга келдим. Булардын баары аз келгенсип, өзүм ичем деп аткан ууну сен ичип алып атпайсыңбы!..

[box type=”warning” align=”aligncenter” class=”” width=””]Эч качан бирөөнүн алдындагы “ырыскысына” кызыкпа.[/box]
Таасирдүү окуялар

Jul.17

Бразилияда эгиздер энеси көзү өтүп кеткенден кийин 4 айдан соң жарык дүйнөгө келишти

Дүйнөлүк медицинада сенсациялуу окуя орун алды. Дарыгерлер 123 күндөн бери балдардын өмүрүн сактап калуу үчүн күрөшкөн. Мындай көрүнүш медицинанын өнүккөн тажрыйбасынын негизинде болгонун чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка караганда, 21 жаштагы Франкилен да Сильванын кош бойлуу болгонуна тогузунчу ай болгон. Ай күнү келип оор абалда ооруканага жеткирилген. Көп өтпөй мээсине кан куюлуп, каза болуп калды. Андан кийин курсагында жаткан балдарынын дагы жүрөгү токтоп калуу керек болчу. Мындайды күтпөгөн дарыгерлер балдардын аман экенин байкашкан.
Аялдын мээсинен башка денесинин органдары иштеп жаткан. Анын эки эгиз кыздары болгон.
Дарыгерлер бул боюнча Португалиядагы кесиптештерине кайрылышып, кеңеш сураган. Себеби ушундай окуяга аталган дарыгерлер дагы туш болгон. Алар эне кайтыш болгондон 107 күндүн ичинде баланы эненин курсагында өстүрүп, жарык дүйнөгө алып келишкен.
Булак: 5TV Сүрөттөр: mirror.co.uk сайтынан алынды.
Жаңылыктар