Oct.16

БАКТЫЛУУЛУКТУН СЫРЫ (Анекдот)

Кичинекей бала үйүндөгү мындай нерсени байкаптыр. Атасын деле апасы башкарат, байкесин караса, байкесин де жеңеси башкарат, туугандарын караса бүт баары эле аялдар башкарат. Жалгыз кана чоң атасы чоң энесин башкарат.

Бир күнү кичинекей бала келип чоң атасынан сурайт:
– Чоң энем кандай болуп сиздин айткандарыңыздан чыкпай калган?
Чоң атасы болгон окуяны айтып берет:
Мен чоң энең менен үйлөнгөндө, айылына барып жүктөрүн ат арабага жүктөп келе жатканда ат мүдүрүлүп кетти.
– Бул бир! деп коюп жолубузга уланттык.
Бара жатканда ат дагы мүдүрүлүп кетти.
– Бул эки! деп жолубузга уланттык
Үчүнчү жолу мүдүрүлүп кетти эле, арабадан түшө калып атты муздап койдум дейт. Ошол кезде чоң энең кыйкырып жиндене баштады
– Бул эмне кылганың, жүктөрдү кантип алып кетебиз, деп
Ошондо
-Бул бир деп айткам, ошондон бери бактылуу жашап келе жатабыз,
Чоң энең бул эки деп айттырбай калган дейт экен

Арадан жылдар өтүп, жанагы кичинекей бала үйлөнөт.
Келинчеги кир жууп жаатканда алдынан бир мышык өтө берип тажатат.
Үйлөнгөн жигит бул бир дейт. Мышык дагы өтөт, жигит бул эки дейт. Мышык үчүнчү жолу өткөндө, бул үч деп туруп мышыкты кармап алып жерге бир чаап өлтүрүп коюп келинчегине карайт.
анда келинчеги:
– “Мага бул приемун өтпөйт, бул окуяны мен да билем”, деген экен

Аңгемелер,Тамашалар

Oct.03

Мигранттардын эсине!

Фаршивка эмес фальшивый;
Гарента эмес гарантия деп айтылат жана жазылат.

Суроо: “Трудовой договор бересиңерби? Трудовой кайдан алсам болот? Биздин жумуштан бербейт”
Жооп: 
Трудовой договор – кыргызча которгондо эмгек келишими. Эмгек келишимин сиз жумушка орношкондо жумуш берүүчү тарап берет. Башкача айтканда , ошол келишимдин негизинде сиз иштейсиз жана кокус айлыгынызды бербесе, ошол келишимдин негизинде доолаганга мүмкүнчүлүк берет.
Аны документ жасаган ортомчулдар бербейт.
Болгону кыргызстандыктар Бажы биримдигине киргенине байланыштуу, 3 айлык регистрацияны эмгек келишимдин негизинде узартса болот деген токтомдун негизинде баарыбызга белгилүү болгондой юридикалык адреске регистрацияны коюп жатканда ортомчу фирмалар ” Менин фирмамда иштейт” деп өздөрү эмгек келишимин кошуп, узартканга беришет.
Ошол эмгек келишимдин негизинде регистрациялар узартылат.
Ал эмгек келишимди кардарларга бергенге алар карыз эмес.

Суроо: “Энененди кайдан алса болот?”
Жооп: эненен эмес, ИНН.
ИННдин чечилиши- Идентификационный Номер Налогоплательщика. Башкача айтканда, кыскартылганда- ИНН.
Ал эмне үчүн керек?
Сиз официалдуу иштесеңиз, сиздин салыктарыңызды төлөө үчүн.
Аны кайдан алса болот?
1. Сиздин регистрациядагы дарегиңиз, мисалы ул. Мурановская д.5 деп жазылса,интернеттен гуглдан минтип сурайсыз : ” Мурановская д.5 к какому ИФНС относится?”. Анан Гугл жооп берет кайсы ИФНС экенин.
ИФНС № 15 деп жооп берсе, кайра сурайсыз гуглдан: ” Адрес ИФНС №15″ деп.
Ошол адреске бул документтерди көтөрүп алып барасыз:
– паспорт, мигр.карта, регистрациянын копиялары;
– перевод паспорта
Ал ИФНСке барып, анкета толтуруп, ушул документтерди тапшырасыз.
Кабыл алган инспектор кээде тырыңдап албай коет. Эмне себептен албайт?
” Сен жашаган адресте квартиранын номери жок экен ( юрадреске коюлганын көрүп туруп ушинтип сүйлөй берет). Башка регистрация алып кел”- деп узатып коюшу мүмкүн.

Андай учурда эмне кылыш керек?
ИННди алуунун 2-жолу бар.

2. Ортомчул фирмалардын кызматы менен колдонуу.

Кандай документ керек?
– паспорттун копиясы
Баасы 1000 рублдан 1500 рублга чейин ар кимде ар кандай. Даярдоо мөөнөтү – 2-3 күн.
❔Суроо: ” ДМСти кайдан алса болот? Тазабы? Полиция текшергенде фальшивый болбойбу?”

Жооп:
” ДМС – добровольное медицинское страхование деп чечилет. Бирок Россияда бул СӨЗСҮЗ керектелүүчү документ болуп калды жакын арадан баштап.
Аны кайдан алса болот?
“Евросеть”, “Связной” деген сыяктуу тармактардан алса болот.

☝Бирок сатып алаарда полиция үчүн эмес, өзүңүз колдоно тургандай болгондой шарттарын окуп алсаңыздар туура болот.

Кокустап ооруп калсаңыз, ошол полис менен дарылана тургандай болушуңар керек.

⤵Кеңеш :

ДМС для СНГ баракчасында 3-4 компаниянын ДМСтеринин шарттары менен таанышып, АКЫСЫЗ жеткирүү кызматы менен колдонуңуз. Ал жакта жакшы сизге ыңгайлуу шарттар каралган. Пайдасынан башка, зыяны жок.

↘Кошумча кеңеш:

Полиция токтоткондо, алаңдабай өзүңүзгө бекем ишенип жооп бергиле. Коркпогула!
Кошумча жаныңарда ушул документтерди ала жүрсөңөр жакшы болот:

  1. 1) Паспорт, мигр.карта, регистрация, ДМС ( булар СӨЗСҮЗ болуусу зарыл)
  2. 2) СНИЛС
  3. 3) ИНН

3-4 пункт сөзсүз эмес, бирок башты оорутканда, мына ушундай документтерим да жанымда бар. Мыйзамды бузбай, так жүрөмүе деп айтсаңыз, эртерээк сизди кое бергенге жакшы шарт.

Пайдалуу кеңештер

Oct.02

Туулган жерим – Ноокатым!

⁠⁠⁠Санаамда турган ойду айтсам,
Салкын жел соккон тоо жактан.
Сагынтып турган ар дайым,
Сонун жер барбы Ноокаттан.

Көп жерден көркү өктөм жер,
Кудайым көңүл бөлгөн жер.
Киндик кан аккан айылым,
Атамерек абдан көркөм жер.

Мөлтүр суу тунук сайында,
Абасы салкын жайында.
Чоң күрөш болот ар жылы,
Сахаба деген багында.

Ааламда арбын ар кыл жай,
Ансайын келет айтылбай.
Зам-замдай даамы билгенге,
Керемет жер бар Апшыр-Сай.

Дыйкандын иши талаа ой,
Чарчатса жумуш санаа ой.
Чер жазаар жайлоо төрлөрү,
Ак-Тоо, Агарт, Карагой.

Жемиши толгон базарда,
Түркүн даам даяр казанда.
Курсакты тойгоз тууганым,
Жегенге өтө арзан баа.

Кучагын толот ооматка,
Курсагын тойот оокатка.
Кыдырып барсан Ош жакка,
Кызыгып баргын Ноокатка.

Жергемди мактай баштасам,
Бүтө албайм аны санаттап.
Ушундай жерди жараткан,
Мактоого татыйт бир Аллах.

Лаа илааха иллаллох,
Мухаммадуррасулаллох.

Без рубрики

Sep.30

Аман-Эсен, эгиз ырчылар: «Ата-эне мээримин көрбөй чоңойдук»

Алтын балалык…

Балалык курагыбыз алыскы Токтогул районунун Сары-Камыш айылында өттү. Тоо койнунда чаң кечип, бутубуз кесилип кой кайтарган күндөрүбүз күнү бүгүнкүдөй көз алдыбызда турат. Ойлоп көрсөк ырчылыкка болгон шыгыбыз балалык кезде эле ойгонгон экен. Эртең менен кой менен кошо тоого чыгып, кечке кой кайтармай да. Анан эриккенде койлорду кол чаап жаткан элдердей элестетип, мал айдаган таякты болсо микрофондой кылып кармап алып тоону жаңырта алмак-салмак ырдай берээр элек.

Биз көрбөгөн мээримге балдарыбыз бөлөнсө экен

Турмушта өйдө-ылдый нерселер көп болот эмеспи. Ата-энемдин жылдызы келишпей экөө эки башка жолго түшүп, бизди үч айлык кезибизде таятам менен таянем багып алышыптыр. Ушул жашка келгенге чейин ошол кишилердин колунда өсүп, тарбиясын көрдүк. Тилекке каршы, ал кишилер биздин жакшылыгыбызды көрүп, келиндеринин колунан эми ысык чай ичебиз деп турган кезде, тагыраагы, 2006-жылы бул дүйнө менен коштошуп кете беришти. Экөөнүн көзү өткөндөн кийин ата-энебизди издеп шаарга келдик. Көрсө, бул жакта бизди  башка жашоо күтүп турган экен. Анан жүрөгүбүз жараланып, муңдуу ырларды жараттык. Калган бир туугандарыбыз болсо өзүмдүн апамдын колунда эле чоңоюшту. Кудайга шүгүр, учурда апам менен катташып турабыз. Ал эми атабыз менен катышыбыз жок. Жаман болсо да атабыз да, кайда болсо да аман болсун деп анын өмүрүн тилеп жүрөбүз. Биз ата-эне мээримин көрбөй чоңойдук. Өзүбүз ал жылуулукту сезбесек дагы балдарыбыз кайдыгер болуп калбасын деп, аларга жакшы ата болгонго аракет жасап жатабыз. Биз көрбөгөн нерсени балдарыбыз көрсүн, биз жетпеген нерселерге алар жетсин деп болгон аракетибиз менен тарбия берип келебиз.

Аман – Эсен деген ысым тарыхта калса экен дейбиз

2005-2006 -жылдан бери ырдап келе жатабыз. Ал эми чоң сахнага аттанып, чыгармачылыкка аралашып ысыгына күйүп, суугуна тоңуп келе жатканыбызга быйыл үч жылдын жүзү болду. Эл оозуна алынып, атыбызды тааныта албаганыбыздын бирден бир себеби,  көпчүлүк убактыбызды айыл жеринде өткөндүгүбүзгө байланыштырабыз. Алгач чыгармачылыктын чыйыр жолуна аттанганда эгиздер тобу деп түзүп, анан баштасакпы дегенбиз. Бирок, ылайыктуу эгиздерди таппай койдук. Табылса дагы чыгармачылыкка кызыкпаган, же шыгы жок болуп калат. Анан акырында “Аман-Эсен” деп чыгууну туура көрдүк.

Ырчы болуу абдан кыйын экен

Ооба, бул чөйрөнүн казанында кайнап жатканыбызга көп жылдын жүзү болду. Өйдө-төмөндү көрүп, бир аз болсо дагы бышып, жетилип калдык. Бала кезде Сыймык Бейшекеев, Айбек Карымов өңдүү ырчылар теледен жаркылдап чыгып ырдап жатышса булардын жашоосу жыргал болсо керек деп ойлочу элек. Көрсө бул кесип ары түйшүктүү, ары татаал экен. Мунун баарын жон терибиз менен сезгенде гана билип отурабыз. «Кыбыраган кыр ашат» деп коёт эмеспи. Анын сыңары биз дагы акырындык менен алдыга койгон максаттарыбызга жетебиз деген ишеничтемин. Негизи эле “дүң” деп чыга калып, эл оозуна алыныш абдан кыйын экен. Биринчиден демөөрчүбүз, экинчиден продюсер же менеджерибиз жок. Төбөсү көрүнүп калган продюсерлердин бир-экөөнө барсак азыр ырчы деген чачтан көп, акчаң болсо чыгасың деп кабыл албай койгон эле. Кудайдын буйруганы болот деп үмүт менен жашап келебиз.

Атабызды араң тапсак кайдыгер мамиле жасап койгон

Биздин репертуардагы ырлардын дээрлик баардыгынын сөзүн өзүбүз жазып, обонун дагы өзүбүз жаратабыз. Сөзү даяр болгон соң акындарга текшертип, андан соң ырдап чыгабыз. Дагы бир айта кете турган жагдай, жан дүйнөбүздү, басып өткөн жолубузду ыр аркылуу чагылдырып, баяндап берүүгө аракет кылабыз. Мисалы, “Ата-эне мээрими” деген ырыбыз 2005-жылы жарыкка чыккан.  Мында башыбыздан өткөн окуяны ырга салып ырдаган элек.  2006-жылы Сары-Камыштан Бишкекке келип ата-энебизди издеп таап, сүйүнүчүбүз койнубузга батпай турсак атабыз баласын көргөндөй эмес эле башка бирөөнү көргөнсүп мамиле жасап койгон. Ошонун негизинде кийинки муунга сабак болсун деген максатта ырдын клибин тарткан элек.  Буюрса жакында ушул ырдын экинчи бөлүгүн жараталы деп жатабыз.

Концерт берүү планыбызда бар

Учурда ырчылар аты чыгып, элге бир аз тааныла калса эле концерт уюштуруп жатышпайбы. Менин оюмча бул элди алдап акча тапкандык болуп калат. Кудай насип кылса 2-3 жылдан кийин жеке концерт берели деген тилектерибиз бар. Ага чейин дагы кыргыз элине талыкпай кызмат өтөп, жаштарды тарбияга чакырган ырларды жаздырып, элге аз да болсо эмгегибизди сиңирсекпи дейбиз.

Адам – атаандашуудан өсөт

Чыгармачылыкта бут тосуулар абдан көп болот экен.  Кээ бирөөлөр бар бетиңе күлүп сүйлөп, өзүң жокто башканы айткан. Бир четинен ушундай деле туурабы деп кетем. Себеби, кайра аларга каршы туруп, чыйраласың да. Анан дагы атаандашуудан адам өсөт эмеспи. Ошол бут тосуп жаткан адамга кайра бет маңдай чыкпай, аны менен атаандашып иш кылуу биздин мүнөзүбүз десем туура болот го.

Келечекте…

Буюрса чыгармачылыгыбызды бир калыпка салып, концерт берип алсак эгиздер тууралуу кинокомедия тартсакпы деп жатабыз. Себеби, эгиздерди көргөн кандай гана киши болбосун артка бурулуп карашат эмеспи.

 

Без рубрики