Aug.11

НООКАТТЫКТАР КӨЗҮ АЗИЗ АЙЫЛДАШЫНА ҮЙ КУРУП БЕРИШТИ

Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Борко айылынын тургунуна айылдаштары 4 бөлмөлүү үй куруп беришти. Кирпичтен курулган үйгө 1 млн 200 миң сом сарпталган.
Көзү азиз Ашим Маматов үйү жок болгондуктан аймактагы бош үйлөргө көчүп-конуп  жашап жүргөн. Анын бир туугандары жана балдары жок. Учурда жубайы менен жашайт.
Үй куруу иштерине жеке ишкер Тариел Каримов жана Жогорку Кеңештин депутаты, айыл өкмөт жардам көрсөттү.
Учурда айыл өкмөттүн бюджетинен берилген 80 миң сомго электр мамыларын, эшик-терезелерин орнотуп, электр чубалгыларын тартуу жана үйдү пайдаланууга берүүгө даярдоо иштери аткарылып жатат.
Бала кезинен көрүүсүнөн жабыркаган Ашим Маматов каражат таап, үй курууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Андан улам үй куруу демилгесин айылдыктар кеңешип, толугу менен колдоого алышкан.
Булак: https://nookatym.blogspot.com/2016/08/12.html

Жаңылыктар

Jul.05

Айт маарек болсун! Асманды түркүксүз жараткан, эч нерсеге муктаж болбогон, пенделерин сүйгөн, кечиримдүү, ырайымдуу, бергенди жакшы көргөн, дубаларды кабыл кылган, ар бирибиздин үнүбүздү уккан, күндү чыгарып, батырган, бакыт, өмүр берген, кырсыктардан сактаган, жакшылыгын аябаган, кылганын милдет кылбаган, көзгө көрүнгөндү, көрүнбөгөндү жараткан, ачууну, таттууну жараткан, чексиз кудурет ээси Аллахка шүгүрлөр болсун! Кийинки жылдары да айт майрамдарында бири-бирибизди куттуктоо насип кылсын! Бул дүйнөдөн өтүп кеткен жакындарыбызды Аллахым рахматына алсын! Тынчтык болсун! Эч бир адам оорубасын, ооруп жаткандарга Аллах шыпаа берсин. Президенттибизге адилеттүүлүк берип, өмүрү узун болсун! Элибизде ынтымак, өлкөбөздө өнүгүү болсун!

Сиздерди терең Урматтоо менен, уулуңар Адилет!

May.02

МЕН СЕНИ ЖАКШЫ КӨРӨМ!

 Японияда болгон жер титирөөдөн улам куткаруучулар үй астында калган аялдын  денесин табышты. Аял сажда кылган сымал, жан берген эле. Куткаруучулар аялдын жанына жакын келип, жанында кимдир бирөө бар экенин сезишти. “Бала, бала бар экен” деп, кыйкырды кимдир бирөөсү.

Куткаруучулар чуркап келишти. Алар таң калышты. Аялдын жансыз денесинин алдында кичине төшөкчөгө оролгон үч айлык наристе, эч нерседен кабарсыз жатаар эле. Боорукер эне, үйдүн кулап атканын көрүп, наристесин далысы менен тосуп калган экен.

Куткаруучулардын бири наристени колуна алганда, ал эч нерседен кабарсыз уктаар эле.Тез арада жетип келген врачтар баланы кароо үчүн, төшөкчөсүн ачканда, телефонго көздөрү түштү. Телефондун экранында жазылган жазууларды окуган ар бир адам, ыйлап жибере турган сөз жазылган эле.

Телефондун экранында мындай жазуулар бар эле:

ЭГЕР ТИРҮҮ КАЛСАҢ, ЭСИҢДЕН ЧЫГАРБА: “МЕН СЕНИ ЖАКШЫ КӨРӨМ БАЛАМ”!!!

ОО АЛЛАХ, ДҮЙНӨДӨ ТЫНЧТЫК БЕР, ЭНЕНИ БАЛАДАН, БАЛАНЫ ЭНЕДЕН АЙРЫБА…

Өлүм жөнүндө