Aug.09

Эч качан бирөөнүн “ырыскысына” кызыкпа.

Барга кирген бир эркек алдындагы ичимдигин жарым сааттай ичпей жөн гана үнсүз-сөзсүз тиктеп турган. Бир кезде муну байкап калгандардын арасынан алп денелүү, жүк ташуучу унаа айдаган бир айдоочу ордунан туруп басып келди да, тигинин алдындагы ичимдикти шарт көтөрүп ичип жиберди.

Анын шериктери каткырып эмне болоор экен дегенсип тамаша кылып карап туруп калышты. Ичимдигин алдырган кайгылуу эркек көз жашын агызып өкүрүп ыйлап жибергенде, айдоочу ага карап “Эй, эй досум болду жетишет. Мен жөн гана тамалашаладым, азыр жаңысын сатып берем, эмне ыйлайсың жаш баладай?” деп жубата баштайт.

Тиги кайгырып ый аралаш жооп берет.
– Бүгүн менин ишим такыр жүрүшпөдү. Эрте менен уктап калып, маанилүү жолугушууга кечигип бардым, директор жаалы чыгып иштен айдады. Ыза болуп сыртка чыксам, унаамды бирөө уурдап кетиптир. Полицига кабар берсем, табылышы кыйын, арекет кылабыз дейт. Дагы жокко багы жок болуп, анан такси кармадым, жол акысын төлөп  үйгө кирээримде акча менен документтерим салынган капчыгым таксиде кеткенин билдим. Өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп, үйгө киришим менен аялымды коңшум менен үстүнөн кармап алдым. Жашоодон тажап, ушул барга келдим. Булардын баары аз келгенсип, өзүм ичем деп аткан ууну сен ичип алып атпайсыңбы!..

[box type=”warning” align=”aligncenter” class=”” width=””]Эч качан бирөөнүн алдындагы “ырыскысына” кызыкпа.[/box]
Таасирдүү окуялар

Dec.16

“20 СОМГО МУКТАЖМЫН”

Бир аял 20 сом акчасын түшүрүп койду. Кийин төмөнкүдөй мазмундагы жарыя жазылган баракты аялдамадагы жарнак тактага жабыштырды.” Мен 20 сом акчамы жоготуп койдум. Ким аны таап алса, бул  даректеги үйгө кайтарсын. Сураныч. Себеби мен аз гана айлык менен тричилик кылган аял катары өзүм ошол 20 сомго муктажмын. Ушу тапта менин нан сатып  аларга акчам жок”
Бир жигит ошол жоголгон акчаны таап алдым  деген тыянакка келип, чөнтөгүнөн 20 сомду чыгарды да, жарыяда жазылган үйдүн каалгасын  каккылады. Сунулган 20 сомду көргөн аял ыйлап жиберди. “ Уулум! Жоголгон акчаңызды таап алдым деп келген кишилердин  он экинчиси сенсиң. Эй балам! Сен ошол жарыяны жыртып сал. Мен жазганды билбейм, мен андай жарыяны жазганда эмесмин.  Тек гана сиздердин мага карата сунулган жардам колунар, мен үчүн үмүт чырагын жакты. Жашоого болгон ишеничимди арттырды. .” Акчаны алып келген жигит аялга бир   жылмайды да лифт жакка карай басты.
Өзүңуз бактылуу болгон учурда  бактысыздар туурасында да ойлоно  жүрүңүз. Садака берүүнү унутпаңыз. Кепиндин чөнтөгү жок.

Нуркамил Абдуллаев
Без рубрики,Таасирдүү окуялар

Nov.05

БУЛ ОКУЯ СЕН ЖӨНҮНДӨ (2)

Бир замандар өлкөнү адилет башкарган хан жашаган экен. Ал хандын төрт аялы болуптур.

4. Хан төртүнчү аялын баарысынан көбүрөөк сүйгөн. Ага чырайлуу, кооз кийимдерди кийгизип, кымбат баалуу жасалгалар менен кооздойт эле. Ага кам көрүп, алпештеп эркелкетип турат эле.

3. Хан үчүнчү аялынын да катуу сүйгөн. Аны менен сыймыктанып, кайсы бир ыңгайлуу учур табылаар замат досторуна көргөзгөнгө аракет кылат эле. Бирок качандыр бир убакта ал аны таштап башкага кетип калышы мүмкүн деп коркуп жүрчү. Аны башкалардан көбүрөөк кызганчу.

2. Хан экинчи аялын да өзгөчө сүйө турган. Ар кандай учурда сабырдуу болуп, башына мүшкүл түшкөндө, ошол аялынан кеңеш сурачу экен. Аялынын айткан насааты ханды дайыма алга сүрөп турчу экен.

1. Ал эми хан биринчи аялы ханды өзгөчө сүйө турган, ар дайым жанында боуп, хандын ден-соолугуна, бийлик жүргүзүү иштерине жакындан жардам берчү. Бирок, хан ал аялы менен иши да жок, кызыкчу эмес.

Күндөрдүн бир күнүндө хан айыкпас дартка чалдыгат. Өлөөрүнө көзү
жеткен хан өлгөн соң жалгыз болуудан коркот. Аялдарынын кайсынысы өзү менен чогуу кеткенге даяр экенин билүү максатында аларды чакырып, өз оюн ортого салат.

4. Хан өзүнүн 4-ү аялына айтты: «Мен сени баарынан көбүрөөк сүйөм, баардык кооз кийимдерди кийгизип, алпештеп эркелетет элем. Мен тиги жашоомдо жалгыз калбашым үчүн мени менен бирге каласыңбы?». «Эч качан калбайм!»-деп, андан башка бир да сөз сүйлөбөстөн кетип калды. Жооп хандын жүрөгүнө курч канжар сыяктуу кадалды.

3. Капа болгон хан 3-ү аялына
кайрылып айтты: «Мен сени өмүр бою сүйүп, сага камкордук кылдым. Өлүм сааты келгенде мени менен бирге барасыңбы?». «Жок»-деп жооп кайтарды үчүнчү аялы. «Жашоо ушунчалык жыргал. Мага капа болбо, сен өлөөрүң менен башкага турмушка чыгып кетем». Бул сөздөрдөн кийин хандын жүрөгү муздап онтоп жиберди.

2. Андан кийин хан 2-аялына айты: «Мен дайыма кыйынчылык убакта сага кайрылсам көмөк көрсөтөөр элең, азыржардам бере аласыңбы, мени таштап кетпейсиңби?». «Өкүнүчкө карай, бул жолу сага жардам бере албаймын. Менин эң чоң сага кылган көмөгүм, сени мүрзөгө
чейин узатып, үрп-адат боюнча көмүү. Сен үчүн мындан ашыгын жасай албайм». Жооп ханды чагылган ургандай эле кылып, делдиреп туруп калды.

1. Ошондо хан биринчи аялына үмүт менен карап, ый менен нымдалган көзүн жалтылдатып турду. Хандын биринчи аялы: «Мен сени менен бирге барам, сен кайсы жака барсаң да мен бирге барам. Мен сени эч качан жалгыз калтырбайм». Хан башын көтөрүп биринчи аялын көрдү. Ал аялы туура өз убагында жеткиликтүү жебегендиктен ушунчалык арык, денсоолугу да начар экен. Ошондо хан кайгы-капага баткан абалда: «Менин күч кубатым болуп турганда, сага көбүрөөк көңүл бурсам болмок. Мен туура эмес кылдым. Кечир мени. “Эээххх-Эээээххх” деп үшкүрүнүп, көзүнө жаш алат хан. Дагы бир жолу мүмкүнчүлүгүм болгондочу….»- деди.

Чындыгында бул 4 нерсе салыштыруу иретинде айтылган биз ээлик кылган нерселер.

Төртүнчү аял : «ДЕНЕ, КЕЛБЕТ жана СУЛУУЛУГУБУЗ»
Кандай гана сулуу болуп, күчтүү болсо да, өлөөрүбүз менен бизден ажырап кетет.

Үчүнчү аял: «БАЙЛЫК, МАЛ-МҮЛКҮБҮЗ, БИЙЛИГИБИЗ»
Өлөөрүбүз менен дароо бизди таштап, башка бирөөнү табат.

Экинчи аял: «ҮЙ-БҮЛӨ, ЖОРО-ЖОЛДОШ жана ДОС-ТУУГАНДАРЫБЫЗ»
Баардык кыйын күндө чогуу болсо да, өлгөн соң аза күтөт, жаназага турат. Топурак салат. Бирок, сени менен кошо кете албайт.

Биринчи аял: «РУХ, ЖАН-ДҮЙНӨ жана ЫЙМАНЫБЫЗ»
Бул бизге көрүү мүмкүн болбогон нерсе. Ал напсинин азгырыктарынын, дүйнөнүн жыргалчылыктарынын жанында баркталбай калган. Ал чындыгында дайыма баардык жерде биз менен бирге болот. Өлүмдөн кийин дагы.

 Даярдаган: Адилет Сыдыков

Таасирдүү окуялар,Аңгемелер

Oct.28

БУЛ ОКУЯ СЕН ЖӨНҮНДӨ

Бир киши балык уулап жан бакчу эле. Күндөрдүн биринде адаттагыдай торун көтөрүп балык уулап келүү үчүн деңиздин жээгине барат. Ал күнү кечке тор салып отуруп бир балык кармайт, жоктон көрө жогору, бир балык болсо да ырыскым деп сүйүнүп үйүнө келет. Үйүнө кирээри менен аялы балыкты алып, аны бышыруу үчүн ашканага кирип кетет. “Бисмилла”-деп балыктын ичин жарса, ичинен бермет таш чыгат. Көздүн жоосун алган кооз ташты, жети уктаса түшүнө кирбеген берметти көргөн аял күйөөсүнө: “Кожоюн… кожоюн … караңызчы, мен бермет таш таап алдым…” Күйөөсү: “Эмне…? Бермет таш дейсиңби?, кана бери берчи!”-деп, көргөн көзүнө ишене албай бир саамга туруп калат. Заматта зергер кошунасы эсине түшөт, бермет ташты сатып акча кылайын деп анын үйүн көздөй чуркап барат. Барса кошунасы андай кымбат баалуу берметти биринчи ирет көрүп жаткандыгын, аны сатып алганга кудурети жетпестигин айтып, шаардын ортосунда соода кылган чоң зергер соодагерге барууга кеңеш берет. “Кудай, ал кулум десе ушул тура… демек мен да бай болот турбаймынбы”-деп, кыялданган балыкчы шаардагы зергерге барат. Бирок, ал дагы берметти алганга акчасы жетпестигин, андай асыл таштар чанда гана кездешерин, аны падыша гана сатып алганга кудурети жетээрин айтып падышага жиберет. Балыкчы бермет ташын көтөрүп падышанын заңкайган сарайынын жанына келип, эшигин кагып кирүүгө уруксат сурайт. Уруксат берилет, сарайга кирип падышага койнуна катып келген кымбат баалуу бермет ташты көрсөтөт. Аны көргөн падыша: “Бул, мен өмүр бою издеп таппай жүргөн бермет таш турбайбы, бирок мунун баасы аябай кымбат, аны сага кантип төлөгөндү билбей турам… Бирок мага бир пикир келди, сени өзүмдүн казынама киргизем. Ал жерде алты саат жүргөнгө уруксат берем, ошол алты сааттын ичинде эмнелерди алып чыксаң, ошонун бардыгы сеники, алган нерселериң бермет таштын баасы болсун” – дейт…  Бакыттан башы айланган балыкчы: “Падышам, алты саат көптүк кылат, мага эки саат эле убакыт берсеңиз жетет-дейт”… Бирок, падыша өз чечимин өзгөрпөйт, алты саат деп айттым, демек алты саат, кирип каалаганыңды ал деп балыкчынын башын сылап казынасына киргизип жиберет. Балыкчы казынага кирип анын чоңдугуна, көз уялткан кооздугуна таң калат. Казынанын ичинде үч бөлмөлүү чоң имарат болот. Биринчи бөлмөдө алтын-күмүш, экинчи бөлмөдө жумшак төшөк, жылуу жууркандар, үчүнчү бөлмөдө болсо түрдүү тамак-аштар жана суусундуктар аябай көп болот. Жашоосунда андайды көрбөгөн балыкчы өзүнө өзү: “Мага алты саат убакыт берилди, көп нерсеге жетишсем болот, эң биринчи курсагымды тойгузуп алайын, күч топтоп көбүрөөк байлык чыгарып кетем” – деп,  тамак-аш коюлган бөлмөгө кирип алты сааттын эки саатын курсагын тойгузуп отуруп өткөрүп жиберет. Үчүнчү бөлмөдөн чыгып алтын сакталган биринчи бөлмөнү карай жөнөйт, бирок ага жетпей эле экинчи бөлмөдөгү жылуу төшөктөрдү көрүп калат да бир аз уктап алайын, эс алып турсам күчүм топтолуп көбүрөөк алтын чыгарып кетем, мендей байкушка мындай мүмкүнчүлүк бир берилет деп ортонку бөлмөгө кирип уктап кетет. Терең уйкуга чөгүп уктап жаткан кезде падышанын аскерлери келип: “Тур.. ойгон.. тура кой эми акылсыз акмак! Убакытың аягына чыкты” – дейт. “Эмне деп жатасыңар..? Мен эч нерсе ала элекмин.. суранамын, мага бир аз убакыт бергиле”- деп жалынат. Аскерлер: Сага алты саат убакыт берилди, ошол убакыттын ичинде алтындарды ташып чыгып кеткениңде, аларды сатып тамак-аштын эң даамдуусун, төшөктөрдүн эң жылуусун сатып алмаксың – деп казынадан чыгарып салышат.

Окуя ушул жерден бүттү… Бирок, окуядан алынчу сабактар бүтө элек. 

Балыкчыга берилген бермет таш бул сенин “Рухуң, жаның”, ал баа жеткис аманат байлык. Бирок анын кадырын өлүм келгенде гана билесиң. Ал эми казына дегени бул “Дүйнө” Алтын-күмүштөр болсо “Салих амалдар, намаз, орозо, зекет, хаж жана башка сооп иштер”. Жылуу төшөктөр болсо: “Акыретти унутуп капылетте жүрүү”. Ал эми тамак-аштар болсо “Алкымына ээ боло албай, напсинин азгырыгына алдануу”. Ал эми балыкчы болсо ушул окуяны окуп жаткан “СЕНСИН”.

Окуядагы балыкчынын кейпин кийип калбаш үчүн уйкуңду азайт, жылуу жуурканыңды ташта, акыретке азыгыңды камда, алты сааттык берилген өмүрүңдү текке кетирип алба!

Абдишүкүр ажы Нарматов

 

Таасирдүү окуялар,Аңгемелер,Акылмандар айткан сөз