Apr.09

Анекдот: Ф.И.О

Бир айылдык карыган апа кагаз тапшырайын деп шаардагы мекемелердин бирине баш багат. Бетине 45 кг боек жамынып, ойсоңдоп отурган мекеменин кабылдамасынын катчы кызына келип мээримин төгүп маалымат сурайт. Айылдык карапайым кемпирди жийиркене караган катчы кыз оройлонуп, салам да берип койбостон:
ФИО,- дептир. Апа түшүнбөй:
-Ал эмне, кызым?,- деп сурайт. Тиги кыз ачууланып:
-Ошону да билбейсизби? Тоже мне деревня!!! Фамилия, имя, отчество,-дейт. Аты-жөнүңөрдү айтыңыз,-дептир сурданып. Анда апакебиз:
КӨТ,- дептир. ))
Чоочуп кеткен кыз:
– Эмне дейсиз?- десе, апа каамарабай:
– Ошону да билбейсиңби? Тоже мне деревня!!! Кудайбергенова Өктөм Турсунбековна!,- деген экен… )))

МОРАЛ: Айылдын береке жыттанган апаларынан айланып кеткилечи гаралар! Силер да кемпир болорсуңар…[А.С

Тамашалар

Түркиялык ишкер баткендик кыз үчүн 100 млн долларлык кеме курдурду (фото)

Түркиялык ишкер Өмер Бей баткендик 22 жаштагы С.Айгүлдүн колун сурап, Баткенге чейин келди. Аймактык кабарчы түрк ишкерин ашык кылган кыз менен таанышты. Айгүлдүн айтымында, Өмер Бей менен Түркияда иштеп жүргөндө таанышкан. Ал жактан колун сураганда макулдугун берген эмес. Ал оюнан кайтпай Баткенге чейин издеп келип, ага «БМВ» үлгүсүндөгү унаа белек кылып, колун сурады. Бирок, Айгүл кыргызстандык жигитке гана турмушка чыгарын айтып, ага макулдук берген жок. Ата-энеси кой союп, түрк ишкерин 2 күн конок кылып узатты.

Түрк ишкери Түркияда ага арнап 100 млн доллар турган «Айгүл» аттуу кеме жасатып, белек кылган.

1-апрель – күлкү күнүңүздөр менен!
Тамашалар,Жаңылыктар

Oct.16

БАКТЫЛУУЛУКТУН СЫРЫ (Анекдот)

Кичинекей бала үйүндөгү мындай нерсени байкаптыр. Атасын деле апасы башкарат, байкесин караса, байкесин де жеңеси башкарат, туугандарын караса бүт баары эле аялдар башкарат. Жалгыз кана чоң атасы чоң энесин башкарат.

Бир күнү кичинекей бала келип чоң атасынан сурайт:
– Чоң энем кандай болуп сиздин айткандарыңыздан чыкпай калган?
Чоң атасы болгон окуяны айтып берет:
Мен чоң энең менен үйлөнгөндө, айылына барып жүктөрүн ат арабага жүктөп келе жатканда ат мүдүрүлүп кетти.
– Бул бир! деп коюп жолубузга уланттык.
Бара жатканда ат дагы мүдүрүлүп кетти.
– Бул эки! деп жолубузга уланттык
Үчүнчү жолу мүдүрүлүп кетти эле, арабадан түшө калып атты муздап койдум дейт. Ошол кезде чоң энең кыйкырып жиндене баштады
– Бул эмне кылганың, жүктөрдү кантип алып кетебиз, деп
Ошондо
-Бул бир деп айткам, ошондон бери бактылуу жашап келе жатабыз,
Чоң энең бул эки деп айттырбай калган дейт экен

Арадан жылдар өтүп, жанагы кичинекей бала үйлөнөт.
Келинчеги кир жууп жаатканда алдынан бир мышык өтө берип тажатат.
Үйлөнгөн жигит бул бир дейт. Мышык дагы өтөт, жигит бул эки дейт. Мышык үчүнчү жолу өткөндө, бул үч деп туруп мышыкты кармап алып жерге бир чаап өлтүрүп коюп келинчегине карайт.
анда келинчеги:
– “Мага бул приемун өтпөйт, бул окуяны мен да билем”, деген экен

Аңгемелер,Тамашалар

Apr.16

ЭШЕК

 Жогорку окуу жайдын ашканасында тамак ичип отурган мугалимдин маңдайындагы бош орунга студент келип отурат. Өзүн ашкере акылдуу сезип студенттерди теңине албаган мугалим жаңы эле отурган студентти жактырбай карап:
– Эй, жигит! Сен кайсы жерге отуруп алдың? Чочко менен булбул бирге тамактанбайт,- деди мазактап. Агайын күлө караган студент:
– Жарайт, агай! Анда мен учтум,- деп тамактарын көтөрүп башка орунду көздөй кетип калат. Сөздөн жеңилип сына түшкөн мугалим студентине… жини келип: “Шашпа, балакай! Сынак мезгили жакын калды. Жыландай сойлотпосом”,- деп ичинен күбүрөнүп алды…
Ошентип сынак учуру да келди. Бирок алиги студент жакшы окугандыктан сынактагы бардык суроолорго илгертпей жооп берип “беш” деген баа алат. Бирок өзөктөгү өчү өрттөнгөн мугалим жаман баа коюу үчүн шылтоо таба албай судентти токтотот да:
– Кана айтчы! Эгер сага бир акыл менен бир кап алтын сунуш кылышса кайсынысын алат элең?,- деди тирмийип. Студент эч ойлонбостон:
– Агай, албетте алтынды алам да,- деди ишеничтүү. Мугалим анын жообун жактырбай орундукка чирене отурду да:
– А мен болсо акылды алат болчумун,- деди шылдыңдап. Студент анын жообуна улап:
– Албетте агай! Ар ким өзүндө жок нерсесин алат да,- деди жылмайып. Дагы бир ирет сөзүнөн жыгылган мугалим ачууланып студенттин “Сынак китепчесин” ачып туруп баа койчу жерине “ЭШЕК” деп жазды да колуна берди. Чоң иш жасагансып акыры сөзгө сындырдым деп көңүлү жайланып отурганда эшиктен студент шашып кирип келди да:
– Агай! Сиз өз колуңузду коюптурсуз да БАА койгонду унутуп коюптурсуз,- деди күлүп. ))

МОРАЛ: Көп адамдар өздөрү эшектей болуп турса да башка адамдан эшектин кулагын издешет..

А. С
Аңгемелер,Тамашалар