Aug.15

20 центке динин сатмакчы болгон имам…

Мен Англиядагы чакан шаарлардын биринде мусулмандардын мечитинде имаммын, — деп баштайт ал сөзүн. Мечит автобустун акыркы аялдамасынын жанында жайгашкан болчу. Көбүнчө мечитке автобус менен келчүмүн. Бир күнү автобустун жол киресин берсем, айдоочу мага 20 цент ашыкча кайтарып берип койду. Аны дароо эле кайтарып бермекчи болдум. Бирок, ошол учурда шайтан азгырык салып “20 цент эмне болмок эле, бербей эле кой” деди. Бергим келбей калды. Анан кайра “ушул акча менен байып кетмек белем, берип эле коёюн” деп ойлодум. Эми бермекчи болгонумда шайтан жанагыдан да катуураак азгырык таштады “Сен ушунча убактан бери элге кызмат кылып келесиң, айлыгың да аз, бул 20 цент менен Англия байып кетмек беле, алып кала бер” деген ой келди. Эми биротоло бербей түшүп кетүүнү чечтим. Аңгыча автобус акыркы аялдамага келип, элдин баары түшө баштады. Түшүүгө кезегим жеткенче жүрөгүмдү дагы бир жолу тыңшадым. Бул жолу ал “кантип бирөөнүн акысын алып кетип жатасың, акыретте кантип жооп бересиң?” деп согуп жатыптыр. Эң акыры болуп түшүп бара жатып айдоочуга 20 центти карматтым. Тиги мага жылмая карап:
— Сен мобу мечиттин имамысың да? – деп сурады.
— Ооба, — дедим.
— Мен ар бир жумада сенин айткандарыңды угуп жүрөм, мусулманчылыктын аруулугун, чынчылдыгын, тазалыгын угуп, ушул динге кирсем деп ниет кылып, кийинки жума сага жолугууну пландаган элем, бүгүн автобуска өзүң чыгып калдың, сага жолугуп динди кабыл алуудан мурда, сенин айткандарың чынбы, жалганбы бир сынап көрөйүн деп 20 цент ашыкча бердим эле. Көрсө, сенин айткандарың курулай мактаныч эмес, акыйкат экен, мен эми кийинки жуманы күтпөй эле ушул жерден мусулман болоюн, — деп, мусулман болуунун жолун сурады. Мен ага келме айттырып, мусулман кылып автобустан түштүм. Ошол жерде бир канча убакыт өзүмдү билбей туруп калыпмын. Аллах Тааланын мээримине, туура жолго баштоочулугуна тен берип, эсимди жыя албай туруп калдым. Аз жерден шайтанга азгырылып, бүтүндөй динимди 20 центке сатып жибере жаздаганыма эсимди жыя албай туруп калдым. Эгер Аллах Таала акыретти эсиме салбаганда, 20 центке динимди сатып жибермек экем…
Урматтуу мусулман бир тууганым, кимдир бирөөнү динге киргизүү үчүн, эртели-кеч анын кулагына куюунун кажети жок, болгону динди өзүңдүн жашооңдо көрсөтө бил, мына ошондо сенин айтканың жугумдуу, мээнетиң жемиштүү болот.

Өрнөктүү өмүрлөр

Nov.27

Имам Ахмад жана Наабайчы

Имам Ахмад күндөрдүн биринде саякатка чыгат. Ал барчу жерине жете электе түн кирип калгандыктан, аны эч ким тааныбаган бир айылда туруп калат. Имам Ахмад ал айылдан кичинекей бир мечитти көрүп намазга барып, андан кийин ошол мечитке уктап алууну чечет. Уктайын дегенде алдынан мечиттин кароолчусу чыгат.

– Эй, сен эмне кылайын деп жатасың?

– Уктайын деп жатам.

– Бул жер уктоочу жай эмес! Кароолчу Имам Ахмадты тааныбады. Имам Ахмад да ким экендигин айтпады. Эгер кароолчу Имам Ахмадты тааныганда, сөзсүз аны мечитте калтырмак. Бирок Имам Ахмад өзүнүн аты, кадыры менен мактанчу эмес.

Кароолчу:

– Мечиттен чыгып кет!

Имам Ахмад:

– Бир аз уктаганга уруксат берчи.

– Жок, сен бул жерде уктабайсың! Бул жерде уктатканга бизге тыюу салынган. Чыгып кет! Кароолчу имамды мечиттен чыгарып жиберди. Имам Ахмад мечиттин дарбазасынын жанында жерге жатып уктай баштайт. Кароолчу кайрылып келип, мечиттин дарбазасынын жанында уктаганга болбостугун айтып, имамды жолдун ары жагына түртүп чыгарып салат. Ошол кезде эрте менен нан бышыруу үчүн камыр жасап жаткан наабайчы кароолчу Имам Ахмадты көрүп калат да, имамга келип, “Жүр, менин наабайканама барып эс ал. Наабайканам ысык жер. Бүгүн менин коногум болосуң” – деп, наабайканасына чакырат. Имам ордунан туруп, наабайчынын артынан жөнөйт. Наабайканага кирип, наабайчынын камыр жууруганын байкап, наабайчынын камырды ар бир ийлеген сайын “Астагфиру Ллах” деп айтып жатканын көрөт. Наабайчы да имамды тааныбайт эле. Наабайчынын ар бир кыймылына көз салып олтурган имам, ордунан туруп, “Көптөн бери ушинтесиңби”- деп сурады.

– Ооба. Көптөн бери.

– Сураган дуаңдын жемишин көрдүңбү?

– Ооба.

– Кандай жемиш?

– Мен кудайдан эмнени сурабайын, барын берип келет. Бир эле дуамды кабыл кыла элек.

– Ал кандай дуа эле?

– Мен кудайдан Ахмад ибн Ханбаль имам менен көрүшүүнү суранып келем.

– Аллаху акбар! Аллах сенин суранычыңа жооп берди. Мен Ахмад ибн Ханбалмын. Мени Аллах сенин наабайканаңа түртүп алып келип койгон Ахмад ибн Ханбалмын! 

Без рубрики,Өрнөктүү өмүрлөр,Таасирдүү окуялар

Nov.15

ӨЛҮМДӨН КИЙИНКИ ӨМҮР

Өмүрдү чындап сүйсөң – убакытты текке коротпо. Анткени, сенин өмүрүң жалаң убакыт деген нерседен жасалган!

БРЮС ЛИ.

Өлүмдөн кийин Өмүргө келген адамдар бар. Андай адамдарды Ажалды да арбашып жатып жеңген чыныгы даанышман жана баатыр деп атасак болот. Алар акырет сапарга аттанган күнүндө да, кудум тирүү кезиндегидей кылымдар бою адамдардын аң-сезимине, ой-санаасына кошо жуурулушуп жашай беришмекчи. Демек, муну Өлүмдөн кийинки Өмүр дейбиз!
(автордон)

Көзү тирүүсүндө эле Улуу инсанга айланган Брюс ажал менен арбашып, акка моюн сунганына туптуура кырк жылдын жүзү толду. Кырк жылдан бери өзүнүн күйөрмандарынын катары көбөйгөндөн көбөйүп, бүткүл дүйнө жүзүн кучагын аалып келет. Анткени, ал – куулук-шумдук жана курулай акыл менен эмес, айланага, көзгө урунган бардык тирүү жанга, табиятка астейдил мамиле жасаган даанышман ойчул болчу.
Брюс – кудурети күчтүү Жараткандын адамзатка берген эбегейсиз зор күчүн жер шарындагы бардык адамдарга ачык-айкын далилдей алды. Ушунусу менен ал Улуу!

* * *

Чыгыш дүйнөсү табият менен кошо камыр-жумур болуп жуурулушкан, көкүрөгү тунук бир топ Улуу инсандарды берип келген. Өлбөстүктүн ачкычын өзүлөрү менен кошо ала  жүрүшкөн Асан Кайгы,Толубай сынчы, Токтогул ырчы, кытайдын Лао Цзы, Конфуций, Бодхидхарма сыяктуу алп инсандары, Калыгул ойчул, ыр пири жылоологон Арстанбек, жети күн ырдап талбаган Жеңижок, андан бери карай табият туурасында акыл калчап азап чеккен Барпы, бала чагынан тубаса зирек Кришнамурти менен Ошо Раджниш өңдүү даанышмандар  – ар качан уламыш катары урпактарга айтылып кала бермекчи.
Ушулардын катарын толуктай турган, Улуу ойду жер үстүндөгү адамдарга айтып жеткирем деп далбас ургандардын бири – Брюс Ли болгон.

* * *

Анын баскан жолу байcалдуу, өмүрү өзүнөн кийинкилерге өрнөк. Демек, Брюсжакшы менен жаманды, арам менен адалды айра билген зирек адам. Ал, ааламды булчуң менен эмес, даанышмандык менен башкарыш керек экендигин дилинде жаземдебей түшүнгөн.
Аалам ушундай кең. Бирок, аттиң, адам-пенде ааламдын кеңдигине да батпай келет. Жер бетиндеги мерездикке, зөөкүрлүккө, кайдыгерликке, ач көздүккө, ич тардыкка, куулук-шумдукка каршы айыгышкан күрөш жүргүзүп, аны өзүнүн саналуу гана кинолору менен көрсөткөнгө жан үрөгөн Брюстун өмүрү неге мынчалык кыска болду экен?!

* * *
Баатыр адам бардык жакшы сапаттарды өзүнүн ичине батыра алат. Ошонүчүн ал баатыр. Асыл сапат демекчи, Брюс да өзүнүн боюна кайратмандыкты, даанышмандыкты батырган баатырлардан болгон.
Кылган ишине кылдат көз салып, ар күнкү баскан кадамын баамдай билген асыл сапат Брюстун жеке мүнөзүнө таандык касиеттер.
Бардык эле баатырлар сыяктуу Брюстун өлүмү көптөгөн уламыштар менен коштолуп келет. Брюстун өмүр таржымалын изилдейбиз деген бир катар аалымдар ар түркүн жоромолдорду айтышты. Бирок, аныгы алигиче далилденбеген бойдон калды. Балким, ошол далилденбей, миң-сандаган адамдардын башын катырып машакатка салып, табышмагы жандырылбай калганы үчүн ал Улуу Инсандыр!?

* **

1973-жылдын 20-июлунда кечки саат 23:30да үч миллион калкы бар Гонконг шаарын жаман кабар желдей жортуп, жер силкингендей сезим жаратты. Брюс Ли өлдү деген суук сөздү эшиткен эл эч ишенбей аң-таң болду. Ден соолугу чың, жапжаш жигит эмне үчүн ажалга жеңилип берди экендеген ойго ар бири жетеленди.
Ал эми 25-июль күнү Гонконгдо жыйырма миңдеген адамдар калаага батпай тепсендиде калышканына кайыл болуп, Брюс менен кош айтышканы агылып келе берди. Ошол эле учурда өзүлөрүндө катылуу жаткан Улуу сырды жайылтканы үчүн ата-бабалардын каргышы урду деген кептер күнчубактап олтурушкан айрым бир кытай абышкаларынын ооздорунан чыгып жатты. Брюстун өлүмү демекчи…

* **

 Бир топ жыл Америкада күн кечирип жүргөн Брюс 1965-жылдын жай айларында аялы Линда жана уулу Брендонду Гонконгго кошо ээрчите келет. Кунг-фунун Вин-Чунь багыты боюнча дасыккан чебери, устаты Ип Ман менен жолугушат. Бул жолугушууда Брюс устаты Ип Манга буга дейре толук үйрөнө албай калган Вин-Чундун айрым базаларын кинотасмага тартып калууну жана анын акысына устатына үй алып берүүнү сунуш кылат. Муну уккан Ип Ман шакирти Брюстун бул кебине аябай нааразы болуп: “Мен сенин бул өтүнүчүңдү аткара албайм. Себеби, сен менин буга дейре тарбиялап келген жөнөкөй окуучуларымдын бири эмессиң, эгер мен сенин бул өтүнүчүңдү орундата турган болсом, анда мен башкаларга эмне деп түшүндүрөм!?” – деп четке кагат. Андан соң акчадан да маанилүү нерселер бар экенин айтып Брюсту жолго салат. Аргасы түгөнгөн Брюс Ип Мандын уулу Ип Чунга кайрылып, атасын тасмага тартылууга көндүрүп бер дейт. Ип Чун: “Биз Гонконгго келгенибизге онжылдан ашты. Биз ар дайым үйдөн-үйгө көчүп, батирлерде калкалап тирилик кылып жатабыз. Албетте, бизге үй керек. Адам баласы үчүн материалдык байлыктан да жогору, акчадан да маанилүү түшүнүктөр бар. Менин атам жокчулукка баш ийбеген эрки күчтүү адам. Муну сен да жакшы билесиң, мен да жакшы билем. Демек, атам сенин айткандарыңа каршы чыккан болсо, эми мен кантип аны көндүрө алмак элем?!” – дейт. (Ип Чунь: “Манекенде иштөөнүн 116 ыкмасы”. “Старт”, Молдова, Кишинев. 119б. 2001ж.).
Кийинчирээк өзү ойлоп тапкан «Жит-кун-до» стили менен кинематографияда да атагы таш жарган кезинде Ип Ман – Брюс Ли туурасында эч бир жерде ооз ачкан эмес. Кыязы, кытайдын улуттук баалуулугун башка улуттарга жайылтканына ичинен нааразы болгон чыгаар?!
Брюс устатынын четке каккан бул окуясынан кийин Америкага кайтып барып, Вин-Чунь багытын өзүнүн мектебинде башкаларга үйрөтө албай тургандыгын түшүнөт. Буга дейре Америкадагы кытай “Триадасынан” Брюс Лиге улуттук баалуулуктарды башка улуттарга жайылтып жатканы үчүн бир сапар жекеме-жекеге чыгуу чакырыгын алган эле. Ошол жекеме-жеке кармашта Брюс кунг-фунун чебери Вонг Жек Мэн менен бет келип, үч мүнөттө жерге сулатат. Жеңиштен кийин Брюс кубанбастан, тескерисинче катуу өкүнөт. Эмне үчүн мушташ үч мүнөткө созулду деп жаны кейиген Брюс ошол мүнөттөн баштап мындан да ыкчам, чагылгандай сокку жасаш керек деп түшүнөт. Бул Брюстун жан дүйнөсүнө жасаган алгачкы төңкөрүшү болчу.
Адамдын ички кубаты, жасаган кыймыл-аракети эмне үчүн кудум ой сыяктуу учкул жана октой ылдам болбоого тийиш?! Ириде, мына ушуну Брюс Ли терең түшүнгөн. Анүчүн көзүң көрүп, кулагың уккан нерсенин бардыгын, дегеле табият койнуна кошо сүңгүп киришиң маанилүү экенин жаземдебей билет. Ал эми мындай кадамга барыш үчүн адам жан дүйнөсү тоосуусундай тунук болууга тийиш.
       Жасалмалуулуктан жаа бою качкан Брюс бардыгын жөнөкөйлүк менен гана багындырууга мүмкүн экенин илгиртпей баамдап, ажайып керемет искусствосу “Озуп чыккан муштумду” (“Жит-кун-до”) жаратат. Бул жаңылык Чыгыш философиясындагы чагылган сындуу ыкчам аракетти камтып, ички дүйнөнү байытууда гана турат.

* **
Брюс Ли Гонконгдогу англис мектебинде билим алып, Америкада өз өнөрү менен байлык топтой алса, Ип Ман улуттук духта тарбия алып, конфуциандык багытта көз карашы калыптанган адам болгон. Ал жокко чөкпөй, барга көппөй,жашоо кандай болсо ошондой бойдон кабыл ала билген. Брюс жашоодо байлыктан да жогору турган баалуулуктардын бар экендигине атак-даңкка жеткен күнүндө барып түшүндү. Кандай айткан күндө да Брюс бүткүл жер шарына табияттын сырдуу күчтөрүн өздөштүрүүгө ар бир адам акылуу экенин, анүчүн ыпылас ойлорду оолак ыргытып, асылдыкка умтулуу гана зарыл деп жар салып жүрүп өттү…

* * *
Анын тасмаларындагы душмандары менен болгон салгылаштар, өткүр көз карашы, көзгө илээшпеген кыймыл-аракеттери көрүүчүлөрүнүн көңүлүн жаркытып, айран-таң калтырып келет. 1972-жылы – мына-мына, жакынкы бир күндөрдө Өлүмгө бет алып Өмүргө кайтып келээрин так кесе билгениндей катуу эмгектенди. Ошонүчүн балким, акыркы тасмасын «Өлүм оюну» атагандыр!? Ырым-жырымга жакын кытай калкы бул сапар Брюска «Өлүм» деген сөздү кошпо, ал жамандыктын жышааны дегенине карабай, ушундайча атоону эп көрөт.
1973-жылдын 18-июлунда Брюс Ли жашаган үйүндө чатырга орнотулуп, терс күчтөрдөн кубалайт деген каада менен айнектен жасалган адам түспөлүндөгү буюм өзүнөн өзү кулап түшүп бычырап кетет.
Арадан эки күн өтпөй 20-июлда «Өлүм оюну» тасмасынын үстүндө иштеп жатып Раймонд Чоу жана аталган фильминдеги башкы ролдорду аткара турган айым Бетти Тинг Пейдин үйүнө үчөө бет алышат. Саат күндүзгү төрттөр чамасында Брюс башы катуу чыңалып ооруп жаткандыгын айтып даттанат. Бетти ага кадимки аспириндин катарына кирген «эквиагезика» дарысын берет. Кечки саат сегиздер чамасында Раймонд Чоу – Лезенби атту адамды тосуп алганы ресторанга жөнөйт. Дарынын таасир этпей жатканын айткан Брюс уктоочу бөлмөгө аяк таштай азга эс алып жатат. Брюс оор уйкуда жатканда акыретке аттанат.
Брюстун өлүмү туурасында азыр да ар кандай жоромолдор айтылып, бирде Бетти Тинг айым күнөөлүү делсе, бирде Гонконг «Триадасы» биркезде алып кайтарбай койгон акчалары үчүн дешет. Мындан башка айрым изилдөөчүлөр анын баңги заттарын колдонгону үчүн өлдү деген кине коюшкан. Бирлери кытайлык кунг-фу чеберлери улуу өнөрдү Батышка жайылтып, ата-бабаларынын ыйык мурасын бардыгына үйрөттү дешип кадимки жапан нинжаларын жалдашкан да, өлүмгө бир нече убакыттан соң алып келе турган «дим-мак» соккусу менен өлтүрттү дешкен. Мунун канчасы чын, канчасы төгүн, эч ким жандыра албаган табышмакка айланган бойдон калды. . .

"Өлүм оюну" фильминен.
“Каардуу муштум” фильминен.
"Ажыдаардын жолу" фильминен.
Өлүм оюну” фильминен
“.”Ажыдаардын жолу” фильминен
"Ажыдаардын кайтышы" фильминен.
“Ажыдаардын кайтышы” фильминен.
"Ажыдаардын кайтышы" фильминен.
“Ажыдаардын кайтышы” фильминен.

"Каардуу муштум" фильминен.."Ажыдаардын жолу" фильминен.

Данияр ИСАНОВ (“Чагылган” китебинен)

Башталышы бул жакта

Без рубрики,Өрнөктүү өмүрлөр

Nov.15

ИП МАН

«Шакирт үчүн мыкты устатты табуу кыйынга турса, ал эми устат үчүн мыкты шакиртти издеп табуу – андан бетер кыйынчылыкты жаратат».
Ип Ман

Жашоодо жаңылбай кадам таштап, ак-караны айра тааныган миң-сандаган адамдар бар. Алардын арасында ички дүйнөсүнүн тунуктугу менен көр дүйнөнүн көйгөйүнөн өйдө турган Улуу инсандардын бири – Ип Ман болуп саналат. Ал, башына кандай азап түшсө да, бет келген тоскоолдуктарга мөгдүрөп баш ийип бербестен ички Духунун бекемдиги, акылынын тунуктугу менен башкалардан өзгөчөлөнө алган жаркын инсандардан болгон.

ВИН-ЧУНЬ
Төгөрөктүн төрт бурчуна дейре таанымал болгон кытай кармаш өнөрү кунг-фунун Вин-Чунь стили өзүнүн бир топ өзгөчөлүктөрү менен айырмаланып турат. Вин-Чунь стилинин пайда болушу туурасында бир катар уламыштар айтылып келет. Түштүк Шаолинь бүгүнкү күндөргө чейин жеткен кадимки Шаолинь мектеби болуп саналбайт. Биз кеп кылып жаткан Түштүк Шаолинь Кытайдын экинчи бир тарабындагы Фуцзянь провинциясында жайгашкан ири монастырлардан болгон. XVII кылымдын орто чендеринде Кытай ичинде кан күйгөн алааматтар болуп, манжур баскынчылары Түштүк Шаолинь монастырын өрттөп жиберишет. Ажалдан жанын ала качкан монахтар туш келди качып жөнөшөт. Бир топ монахтардын арасында Вин аттуу монах айым калың чердүү токой ичин аралап жанын куткарып калат. Бир нече күн жөө-жалаңдап келген Вин айым саамга эс алайын деп калың бакка жөлөнүп олтурат. Токой ичиндеги түркүн куштардын сайраган мукам үндөрү көңүлүн көкөлөтүп, табияттын ажайып кооздугуна магдырайт.
Башына не деген ойлор келбеди. Өмүр жөнүндө толгонду. Өлүм жөнүндө ойго батты. Анан бу адам-пендеңдин алмустактан бери алкымынын айынан бири-бирин кырып-жоюп, жердин кенендигине да алымсынбаган пейилинин тардыгына таңыркады. Так ошол тушта турна менен жылан бет алдында пайда болуп, бири-бири менен жан аябай салгылашып жатты. Кудайга тобо, бу адам эле эмес айбан аттууңдун да алкымын жараткан ушинтип жасаганбы?! Тириликтин айынан тытынган эле жан деди. Турна менен жылан дале жекеме-жекеге чыгып согушуп атты. Дал ошол саамда Вин айымдын башына бир ой кылт этти. Турнанын өз жанын арачалайм деп тумшугу менен жыланга тынымсыз сокку жасаганы,кара мүртөз жыландын башы менен удаама-удаа ага каршы чабуул салганы бир кызык сезилди. Ошол эле жерден Вин буга чейинки кунг-фунун салттуу көрүнүштөрүнөн айырмаланган жаңы кармаш ыкмаларын киргизүүгө белсене киришти. Бир топ күндүк түйшөлүүдөн кийин кармаштын жаңы ыкмасы пайда болду. Бул өнөрдү айылдык Чунь аттуу кызга мураска калтырды.

ФОШАНЬ – ЖООКЕРДИК ӨНӨРДҮН БЕШИГИ
Кимде-ким Жер Энени ыйык тутуп табиятка астейдил мамиле жасаса, айланасындагы бардык жан-жаныбарларга, ар күнү бет келген адамдарга карата чын дитинен мээрим төгө тиктеп – тоодой тоскоолдуктарды багынта алса,анан да боюна кайратмандык менен талбаган эмгекчилдикти сиңире алса, демек, ал Улуу инсанга айлана алат. Адамдын толук кандуу адам бойдон сакталышы да ушунда жатат. Чыгыш кармаш өнөрүнүн дасыккан мыкты чеберлерининбири Ип Ман – ар качан адамдыгы аруулуктарга умтула билген, материалдык баалуулуктардан жан дүйнөнүн сулуулугун жогору кое кое билген инсандардан болгон.
Чыгыш кармаш өнөрүндөгү кунг-фунун Вин-Чунь стили боюнча атагы ааламга кеткен дасыккан чебер Ип Ман -1893-жылдын 14-октябрында Кытайдын Гуандун провинциясындагы Фошань калаасында жарыкка келген. Ата-теги ак сөөктөрдөн болгон Ип Ман бай үй-бүлөдөгү эң кенже баласы болгондугуна карабастан, өзүнө ашып-ташкан байлыкты энчилеп кала алган эмес. Бала чагында Кытайдын улуттук каадалары боюнча терең билим алуу менен поэзиянын кереметине арбалып чоңойгон. Фошань шаары Кытай ичинде өндүрүшү гана менен таанылбастан, кунг-фу өнөрү менен да даңазалган. Фукьен провинциясындагы Шаолинь монастрынын өрттөлүшү менен куугунтукка дуушар болгон жүздөгөн монахтар Фошанга кире качышкан. Мына ошол себептен Фошанда күн кечиришкен кунг-фунунмыкты чеберлери, монахтар Шаолинь багытындагы кунг-фу менен бир канчалаган адамдарды үйрөтө баштанкан эле.
Ип Мандын атасы Фошан шаарында көпчүлүккө даңкы тараган адам болгондуктан Фук Ян – кытай тилинен которгондо “бакыт менен илим” аталган көчөсүнүн так ортосунда аянты кеңири үйдө жашашкан. Үйүнүн так бет маңдайында ата-бабасынан мураска калып келе жаткан храм бар болчу. Бул храмда Чан Ва Сун аттуу кунг-фунун чебер устаты жашап, аз сандагы тандалма балдарга гана Вин-Чунь стилин үйрөтүү менен алектенчү.

ЗЭЭНДҮҮ ШАКИРТ
Жашы тогузга караган Ип Ман бош убактыларын каллиграфияга арнагандан тышкары поэмаларды жазып, көптөгөн адабияттарды окуйт. Үйүнө жакын жайгашкан храм ичиндеги Чан Ва Сундун өзүнөн улуу балдарга эмнени үйрөтүп жаткандыгын астыртан байкап, ичинен аларга кошулуп өзү да Вин-Чун кармаш өнөрүн өздөштүрүүнү эңсейт. Чан Ва Сундун алдына келген тестиер Ип Ман кунг-фу менен машыгам деп айтканда карыган устат ага тамашага чалып: “машыгууну кааласаң, үч күмүш тыйын төлө!” – деген талапты коет. Муну уккан бала үйүнө сүйүнгөн бойдон чуркап жөнөйт. Арадан көп убакыт өтпөй Ип Ман устаты айткан үч күмүш тыйынды көтөрө келет. Чан Ва Сун акчаны кайдан алдың деп такып сурайт. Буга тестиер бала кунг-фу өнөрүн үйрөнүү үчүн акча төлөй тургандыгын тээ баштан эле билгендиктен бир топ жылдан бери атайын чогултуп жүргөндүгүн айтат. Балага анчалык ишене бербеген устат:
–         Эгер акчаңды кайра артка кайтарып алууну кааласаң, анда барып апаңды ээрчитип кел. Апаң мага акча чындап эле сага тийиштүү экенин тастыктасын! Балким, сен бул акчаларды кимдир-бирөөдөн уурдап алгандырсың? –дейт.
Ип Ман үйүнө чуркап келип апасын устатынын алдына алпарат. Баланын апасын көргөн Чан Ва Сун:
–         Мен балаңыз чындап эле акча чогултуп жүргөндүгүн билгем. Мен бар болгону кунг-фуну үйрөнүүнү каалаган балага апасы уруксат береби-жокпу, бар болгону ошону тактап алайын дегем. Балаңыз абдан зээндүү. Мен баланын биртоптон бери бизге кызыгып, байкоо салып келатканын билем! – дейт.
Мына ошол күндөн тарта даңазалуу устат Чан Ва Сундун кичинекей шакиртине айланган Ип Ман кара жанын карч уруп Вин-Чунду өздөштүрө баштады. Төрт жыл бою тынымсыз машыкты. Ата-бабаларынан келе жаткан салттуу кармаш өнөрүнүн али ачылалек сырларын аңдаганга аракет жасады. Анан, анан кайсы бир күнү өз өнөрүн толук улантып кете ала турган жароокер жана зирек шакирти Ип Манга али да болсо айрым элементтерин үйрөтүп үлгүрө албастыгын ичинен туйган устат жаны кейий Нгу Чунг Со аттуу мыкты шакиртин жанына чакырды да, оор улутунуп:
–         Ип Ман – абдан жакшы бала. Башка шакирттериме караганда өтө зээндүү. Вин-Чундун салтын карманып, мындан ары улантып кетээрине толуккөзүм жетет. Кандай гана өкүнүчтүү. Өмүр деген аткан октой тез учат. Эми мындан аркы билимди ага терең үйрөтө турган жалгыз өзүңсүң. Мындай чоң жоопкерчиликти сенин мойнуңа артам! – деди, эрдин кырча тиштей, оор онтоп.
Устатынын ажал менен арбашып атканын илгиртпей түшүнгөн Нгу Чунг Со канчалык жаны кейисе да, ай-асманды жара өкүрсө да өмүрдү токтотуп калуу адам баласынын колунан келбей тургандыгына түтпөй-сыздап, аргасыз устатынын айткан аманатын аткарууга бел байлады. Устатынын өмүр менен кош айтышканы Ип Мандын да жанына катуу батты. Анан белди бекем бууп, Вин-Чундун устатынан үйрөнө албай калган айрым базаларын экинчи устаты Нгу Чунг Содон алып калууну ойлоду. Эки жылдык талыкпаган машыгуудан соң Ип Ман Гонконг шаарына барып Ыйык Стефан колледжинен билим алды. Муну мененкатар устаты Чан Ва Сундун уулу Леонг Бак аттуу уулун издеп тапты. Гонконгдун Батыш тарабындагы эң ири жибек комбинатынын башчысы Леонг Бак алдына келген жаш шакирттин атасынан калган аманат катары экендигин, анан да адамда жок ак көңүл жана боорукерлигин туя билди да Вин-Чундун көптөгөн сырларын ачты.

КЫЧКАЧТАЙ БЕКЕМ МАНЖАЛАР
Илим-билимге ээ болгон Ип Ман кайрадан туулуп-өскөн Фошанга кайтып келип, Вин Син аттуу кызга үйлөнөт. Вин Син экөө эки уул, эки кыздуу болушат. Чыгыш күрөшүндө бир топ ийгиликтергежеткен Ип Ман ал мезгилдерде өз алдынча мектеп ачууну каалаган эмес. Бар болгону бир катар тууган-туушкандарына жана жакын курбуларына гана үйрөткөн. Мына дал ошол жылдар аралыгында Ип Мандын кармаш өнөрүнүн чебери экендигин эшиткен жергиликтүү башкармалык полиция кызматкерлигине жумушка алат. Арадан аз өтпөй полициянын капитаны наамына ээ болот. Полиция кызматкериболуп жүргөн учурунда эч качан кимдир-бирөөгө бой көтөрүп керсейгенди өнөр көрбөстөн жупуну кийинип, айланасындагыларга алпейим мамиле жасагандыгы менен элдин эсинде калган.
       Фошанда Юй Ю аттуу жаш жигит Ип Мандын карамагындагы полиция кызматкерлигине кабыл алынат. Бирок, буга дейре экөөбири-бирин таанышпагандыктан, бир кызыктай жагдайга бет келишет. Кууш көчөнү аралап бараткан Ип Ман полиция кызматкери Юй Юнун кимдир-бирөө менен жаман айтыпжаакташып атканын көрөт. Аларды арачалайм деп барган Ип Манга – Юй Ю каарданып тапанча көтөрүп чыгат да, бул ишке аралашпай кетип калуусун талап кылат. Ип Ман ортодо жаралган ыңгайсыз жагдайды жөнгө салууну көздөп сылык-сыпаа сөзгө өтөт. Аны уга турган түрү жок неме тапанчасын кезеп атууга аракет кылат. Мына дал ошол мүнөттө ат тиш сындуу темирдей бекем манжалар Юйдун колундагы куралга такалып, тапанчанын окчонтоюн бир манжасы менен ыргыта чертет. Юй – Ип Манга канчалык каршылык көрсөткөнгө далбас урганы менен алкымына кадалган кычкачтай манжалардан арылалбай, аргасыз чеберчилигине тан берет.

ТУРМУШТУН КҮҢГӨЙ-ТЕСКЕЙИ
Анык тозок – адам эмес чөпкө залал келтирбеген Ип Манга 1937-жылы келди. Буга дейре полициянын даражалуу кызматында туруп бакубат турмушта күн кечирген устат бардык байлыгынан колжууп, эми бала-чакасы менен жакыр турмушту кечире баштады. Жапония – Кытайга кол салды. Миңдеген адамдар өлүмгө учурады. Тынч жаткан жергесине көз арткан жапан баскынчылары жергиликтүү тургундарды кордоп, башына ар кандай балээлерди үйдү.
1945-жылы согуш аяктаган кезде кайрадан капитандык чини менен полициянын катарына өтөт. Бул мезгилде турмуштун айтып болгус азаптарына жедеп чыдаган сүйүктүү жубайы Вин Син ден соолугунан ажырап, оорукчал болуп калган эле. Акыры узакка созулган оорудан жубайынан айрылып, Кытайда коммунисттик бийлик орногон кезде эки уулун таштап, өзү Гонконгго жөнөйт. Гонконгго араң жеткен Ип Манды көргөн адамдар деңиз жээгинде көрүп, көчө селсаяктарына окшоштурушаар эле. Ошол турушта аны көргөн адамдар анын адамды айран-таң калтырган өтө күчтүү устат экендигин кайдан билишсин!?
Акыры жан сакташтын камын көрүп акыга шакирттерди алып, Вин-Чунду үйрөтө баштайт. 1954-жылы жалгыздык жанына баткан Ип Ман ресторанда иштеген бир аял менен таанышып калат. Экөө чогуу-чаран түтүн булата башташат. Бирок, бул аял менен ал бактылуу өмүр сүрө албай, азабынын үстүнө азап кошулат. Ал эми жан адам тааныбаган бейтааныш бир калаада Вин-Чун боюнча сабак өткөн устатты айрымдары кайдагы бир алжыган чал дегендей кыйшык көз менен карап өтүшчү эле.

* * *

 «Кунг-фу искусствосу менен төрт жылдык тынымсыз машыгуудан кийин гана каршылашыңдын күчүн кошо пайдаланып азганакайкүч жумшоонун, жумшактыктын принцибин акыл-эсимде аңдай баштадым. Бул кулакка жөнөкөй угулганы менен чыныгы турмушта ишке ашырыш оголе кыйын.
Вин-Чунь мектебинин кожоюну, менин устатым Ип Ман кайсы бир күнү мага жакын басып келип: «Лун, өзүңдү бошкой, аң-сезимиңди сергек кармап, жайына кой. Өзүңдү унут жана душманыңдын кыймылына жараша аракет кыл. Чыныгы  турмушта душманга каршы алдынала ойлонбостон каршы турууга акыл-эсиң даяр турсун. Эң алгач “тандабастык” маданиятын изилде!”  –  деди. Мага ушунун дал өзү жетпей жаткан!”.
БРЮС ЛИ

БИР ЧАКА СУУ
Гонконгдогу шакирттеринин бири Вильям Чеундун эскерүүсүнөн:
«Качан биз мамлекеттик үйгөкөчүп киргенибизде күнүмдүк сууга чектөө коюла баштады. 4 күндө бир жолу 4 сааттан гана сууну беришет. Ошонүчүн жан талашып 4 күнгө жете тургандай сууну мол камдап алганга жетишип калышыбыз керек. Айрыкча, мен тиричилик жумуштары менен алектенип үй-жайды жыйноо иштерин жасаймын. Ип Манга сууну ташыганга туура келчү. Ал үйдө жашашкан тургундардын бардыгы көчөдөгү жалгыз крандан суу алышаар эле. Кайсы бир ирет мындай бир окуя болду. Таң жаңыдан куланөөк салганда ошол кранга жер-жерди шимшилешип, кызарган нерсени көрсө баса калышкан кисебирлер пайда боло калып, дароо эле карапайым журттан ар бир чака үчүн 50 центтен төлөгүлө деген талапты коет. Ип Мандын чөнтөгүндө кайдагы акча? Бекер оокатка көнгөн жубарымбектерге: “ушундайыңарда кетип калгыла!” –  деп, жооп узатат Ип Ман.  
Мен дал ошол учурда базардан кайтып келаткам. Жаным кашайганынан Ип Манга жардам бергени заматта жетип бардым. Алар алты-жетөө. Колдорунда жалаңдаган бычактар жана узун таяктар.Көз-ачып жумгуча алты-жети акмакты Ип Ман жалгыз өзү сулата согуп, эстерине келтирди. Андан кийин алар качып жөнөштү. Мына ушундан тартып Ип Ман жашаган батирдин алдына, каалгасына жакын жерге жергиликтүү тургундар ар күн сайын эки чакадан суу коюп коюшчу.
Мурда Ип Манды эч ким капарына да албай келекелеп-кемсинтишчү болсо, кийин Брюс Ли америкалык “Жашыл шершень” фильминен жарк дей түшкөндө гана жер жайнаган адамдар “мени шакирт кылып алчы”деп, ага жалбарып келе башташты”.

* * *
1962-жылы Кытайда калышкан уулдары Ип Чин менен Ип Чунь Гонконгго келип, атасы менен бирге жашашты да Вин-Чунду үйрөнө башташты. Ип Ман 1972-жылы тамагынан рак болуп, акыретке аттанды. Ал, бүткүл дүйнөгө даңазалуу инсан жана уламышка айланган Брюс Линин устаты катары элдин эсинде калды.

Улуу устат Ип Ман
Улуу устат Ип Ман
Брюс Ли жана Ип Ман.
Брюс Ли жана Ип Ман
"Ип Ман" фильминен.
“Ип Ман” фильминен
Брюстун уулу Брендон Ли менен.
Брюстун уулу 
"Ип Ман" фильминен.
Брендон Ли менен.
“Ип Ман” фильминен.
Брюс Ли жана Ип Ман.
Брюс Ли жана Ип Ман.

..

 Данияр ИСАНОВ

Без рубрики,Өрнөктүү өмүрлөр